Сариев Кытайга расмий сапар менен барган үчүнчү өкмөт башчы болот

Жазылуу
Премьер-министр үстүбүздөгү жылдын 14-17-декабрь күндөрү Кытай Эл Республикасында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамелкеттердин өкмөт башчыларынын жыйынына катышат.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Темир Сариев Кытайга расмий сапар менен бара турган үчүн өкмөт башчы боло турганын аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй менен премьер-министр менен жолугушуу учурунда билдирди.

Кытайдагы элчи жергиликтүү жаш журналисттерге Кыргызстан тууралуу айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Кытайдагы элчи жергиликтүү жаш журналисттерге Кыргызстан тууралуу айтып берди
Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Сариев кытай тарапка Кыргызстандын түштүк аймагында болгон жер титирөө кесепетинен жабыркагандарга көрсөтүлгөн көмөк үчүн ыраазычылык билдирди.

Өкмөт башчы кыргыз тарап эл аралык уюмдар алкагындагы, ириде, Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) алкагындагы Кытай менен кызматташууга чоң маани берерин белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Сариевдин алдыдагы Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу келишимдерге кол коюлары белгилүү болду. 

Өз кезегинде Ци Даюй Кытай кыргыз тарапка ири долбоорлорду ишке ашырууда колдон келген көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

"Бул биздин өлкөлөр аралык элчилик мамилелер орнотулгандан тарта Кыргызстандын премьер-министринин үчүнчү расмий сапары болуп саналат. Биз кыргыз-кытай кызматташуусуна чоң маани беребиз", — деп жыйынтыктады элчи.

Өкмөт башчы үстүбүздөгү жылдын 14-17-декабрында КЭРге расмий сапар менен барып, анын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин премьер-министрлер кеңешинин жыйынына катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0