Түрмөдөн качып кармалган террорчу Абдрахмановдун операциясына Кызыл крест акча бөлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКачкын кылмышкерди кармоо атайы операциясы учурунда. Архив
Качкын кылмышкерди кармоо атайы операциясы учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрмөдөн качып кийинчерээк "Ала-Тоо" айылынан кармалган Эдил Абдрахманов бутуна ок тийип, жарадар болгон.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында №50 түрмөдөн качып чыккан кылмышкерлердин бири Эдил Абдрахмановдун операциясын Эл аралык Кызыл крест комитети каржылай турганын Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

© пресс-служба ГСИН КРАбдрахманов Эдил Алимжанович
Абдрахманов Эдил Алимжанович - Sputnik Кыргызстан
Абдрахманов Эдил Алимжанович

Кармалган Абдырахмановго милиция меджардам көрсөтүп, замбил менен көтөрүп кетти
Маалыматка ылайык, түрмөдөн качып чыккан төрт кылмышкердин бешөө ошол эле түнү кармалып , төртөө из суутуп кеткен. Качкын кылмышкер Эдил Абдырахманов "Ала-Тоо" айылынын участкалык милиция кызматкери тарабынан кармалган. Милиция кызматкерлеринен талааны көздөй качканда милиция аны бутка атып жарадар кылган. 

Алгач Абдрахманов Чүй облустук ооруканасына жеткирилип, андан кийин №47 түзөтүү колониясынын ооруканасына которулган. 

Кызыл крест комитетинин жетекчиси Стефан Жакье оорукананы кыдырып чыгып, миссия Абдрахманов менен бирге дагы бир бейтаптын операциясын каржылоону чечкенин билдирди. 

Азырынча сарптала турган каражаттын көлөмү аныктала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0