Дипломаттар Бишкекте Айтматовду эскеришет

© Sputnik / Чернов / Медиабанкка өтүүУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтматовду эскерген иш-чарада анын досу, акын Мухтар Шахановго "Тилекмат аке" төш белгиси тапшырылмакчы.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Бишкекте эл аралык иш-чара өтөт. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвадагы гүл бакка Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилди
Иш-чара "Чыңгыз Айтматов жана дипломатия" деп аталат. Жазуучунун дипломатиялык ишмердүүлүгүн эскерүүгө анын жакын досу, санаалашы, калемдеши, Кыргызстан менен Казакстандын эл акыны Мухтар Шаханов келет. Андан сырткары Белоруссиянын КРдеги элчиси, кыргыз дипломатиясынын ардагерлери, ТИМдин кызматкерлери катышат.

Иш-чарада жазуучунун досу, акын Шахановго "Тилекмат аке" төш белгиси тапшырылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0