Режиссер Бектен Абдылдаев каза болду

Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча театр ишмери бүгүн эртең менен стадиондо чуркап жүргөндө жүрөгү кармап калган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүгүн Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын башкы режиссеру Бектен Абдылдаев каза болгонун Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Атактуу режиссер Эльдар Рязанов 89 жашында каза болду
Маалыматка ылайык, 75 жаштагы театр ишмери эртең менен стадиондо чуркап жүргөндө жүрөгү кармап, ошол жерден тез жардам алып кеткен. 

Абдылдаев 1940-жылы Сокулук районунда төрөлгөн. 1975-жылы Москва институтунун маданият бөлүмүндөгү режиссура факультетин аяктап, кезинде Султан Ибраимов атындагы Ош драма театрынын негизделишине, анын өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ал Кыргыз Эл артисти, белгилүү актер Мукамбет Токтобаев сыяктуу таланттарды тарбиялап чыгарган.

Министрлик талантуу режиссердун аза зыйнаты тууралуу кошумча маалымат берилерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0