Сариев шаан-шөкөттүү той-аштарга чек койду

Жазылуу
Вице-премьердин айтымында, өкмөт башчы коомчулукка жүк болгон массалык той-аштарды өткөрүүнү жөнгө салуучу чараларды көрүүнү тапшырган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Тарыхый окуяларга басым жасоо менен мааракелик иш-чараларды өткөрүү маселесин кайра карап чыгуу зарылдыгын вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева мамлекеттик орган жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Жаш жубайлар үйлөнүү тойунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстандык жаш жубайлар үлпөт тоюунун акчасын жетимдерге беришти
Анын айтымында, мааракелик иш-чараларга Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин эле эмес башка органдардын да убактысы келип, көптөгөн каражат сарпталууда.

Аталган министрлик тарабынан сунушталган 75 иш-чаранын ичинен вице-премьер өкмөттүн кароосуна Кыргызстандын эгемендигинин 25 жылдыгы, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жана Үркүндүн 100 жылдыгы сыяктуу жалпы улуттук мүнөздөгү иш-чараларды гана жөнөтүүнү сунуштады.

"Эксперттердин айтымында, кыргызстандыктар той-ашка жыл сайын миллиарддаган акчаларды сарптайт. Насыя алып той бергендер бар. Бул каражат ошол эле үй-бүлөнүн муктаждыгын жапканга толук жетмек. Массалык тойлорду иретке келтирүүнү ойлонуш керек. Орто айлык алган мамлекеттик кызматкер чачылып той берген учурларды кездештирип келебиз. Мындан улам премьер-министр Темир Сариев коомчулукка жүк болгон массалык той-аштарды өткөрүүнү жөнгө салуучу чараларды көрүүнү тапшырды", — деди Кудайбердиева.

Вице-премьер учурдагы мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамга кошумчаларды киргизүүнү демилгеледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0