Беш өрдөк: Текебаевдин кекиртегине чыккан "рак", эптеп илимдин кандидаты болгон Алтыбаева

© Sputnik / Табылды КадырбековГазетадан жасалган шляпа кийген бала. Архив
Газетадан жасалган шляпа кийген бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Текебаевдин тамагына чыккан "рак"

"Азия news" гезити 3-декабрда чыккан санында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тамагына шишик пайда болуп, аны Бишкектеги врачтар рак катары шектенишиптир деп жазат.

"Өмүкенин тамагына шишик пайда болуп, аны Бишкектеги чала сабат врачтар рак катары шектенишиптир. Маанайы түшүп, көзү жашылданган Өмүрбек Чиркешевич түз эле Түркияга учуп барып, ал жактан да анализ тапшырып, бактыга жараша рак эмес, жөн гана шишик экени ырасталыптыр", — деп жазат аталган гезит.

Өмүрбек Текебаев менен бир күн кечке байланышууга мүмкүн болгон жок. Бирок, көптөн бери Текебаев менен чогуу иштеп жүргөн партиялашы Алмамбет Шыкмаматов гезиттин жазгандары жалаң калп деген пикирин Sputnik агенттигине билдирди.

"Булардын баары карандай калп, азыр гезиттин баары "өлгөн атыптыр, куураган атыптыр" деп эле жазып жатышат. Жалаң ушактын үстүндө жүрүшөт. Текебаевдин ден соолугу азыр эң сонун", — деген жообун узатты.

Асылбек Жээнбековду ортого салып илимдин кандидаты болгон депутат Алтыбаева

Де-Факто гезити 4-декабрда чыккан санында КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева төрага Асылбек Жээнбековду ортого салып юридикалык илимдердин кандидаты болуптур деп жазды.

"Алтыбаева айым "өз колу, маңдай тери" менен жазган кандидаттык ишин комиссияга жөндөп окуп бере албай, Өзбекстандан келген комиссиянын төрагасынын "өллө" жинине тийген экен. Ушундай кандай болсун деген ал киши "илимди булгабай, кандидат болбой эле койсун" деп анын ишине кол койбой койгон экен. Айласы алтыга бөлүнгөн Алтыбаева ортого спикер Асылбек Жээнбековду салып "бул биздин ай чырайлуу Айнура деген депутатыбыз" деп өзбекстандык төраганын ар жак, бер жагынан чыгып жатып эптеп көндүрүп кол койдурушуп, Алтыбаеваны юридикалык илимдердин кандидаты кылышыптыр", — деп жазат аталган гезит. 

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева гезиттин жазгандары жалган жалаа экенин айтып, аны сотко бере турганын Sputnik агенттигине билдирди.

"Жогорку Кеңештин төрагасына жана диссертациялык кеңешке жалаа жаап, алардын аброюна доо кетире турчу нерселерди жазганы үчүн гезитти сотко берүү чечимине келдим. Азыр диссертациялык кеңештин чечимдерин, стенограмманын көчүрмөлөрүн даярдап жатам", — дейт эл өкүлү.

Ал өз сөзүндө гезит жазгандай диссертациялык кеңиштин төрагасы өзбекстандык эмес, кыргызстандын эле жараны, кыргыз экенин кошумчалады. 

Бала-бакырасы менен Пакистанга барууну каалаган Бектур Асанов

"ПолитКлиника" гезити 3-декабрда чыккан санында Бектур Асанов Бишкектеги чайханада Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Абдул Матин Хан менен чай ичишип, чер жазыша баарлашканын жазып чыкты.

"Палоого тоюп чайлашкандан кийин Асанов бала бакырасы менен Абдул Матин Хан мырзадан Исламабад шаарына барып келүүнү өтүнгөн. Пакистанга жулунганын көрүп, Бектур Асановго окшогон адам бекер жеринен Пакистан элчисинин этегине ээк төшөбөрүн эстен чыгарбоо керек. Анткени бүгүнкү күнгө дейре бул мамлекет ар кандай террористтик жана диний-экстремисттик коркунучтарды жаратуунун булагы бойдон калууда", — деп жазат аталган гезит.

Бектур Асанов Sputnik менен болгон маегинде аны жаманатты кылуу үчүн жогору тараптан ушундай аракеттер болуп жатканын айтып, элчи менен ал эле эмес башка ишкерлер да жолукканын билдирди.

"Мен Пакистанда элчи болуп иштегем. Андыктан Кыргызстанга жаңы келген элчини коноктоп коюу мен үчүн парз. Экинчиси ал жакта жеке эле мен эмес, башка ишкерлер дагы болгон. Алар Кыргызстандын төө буурчагы өтпөй жатат, элчи менен таанышалы дешкен. Андыктан ал жакта Кыргызстандын дыйкандарынын өстүргөн төө буурчагын Пакистанга да алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр болду", — дейт Асанов. 

Ал эми гезит жазып жаткандай бала-бакырасы менен Пакистанга жөнөйүн деген ою жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0