Манасчы жана жазуучу Ашым Жакыпбековдун китептеринин көргөзмөсү өтөт

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЭпос "Манас". Архив
Эпос Манас. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көргөзмө бир жумага созулуп, анда жазуучунун китептери, мезгилдүү басма сөз беттерине чыккан макалалары жана башка керектүү материалдары сунушталмакчы.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Эртең, 8-декабрь күнү Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, манасчы, киносценарист, жазуучу, котормочу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган китеп көргөзмөсү өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Иш-чара Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өтөт. Бир жумага созулган көргөзмөдө Жакыпбековдун китептери, мезгилдүү басма сөз беттерине чыккан макалалары жана башка керектүү материалдары сунушталмакчы. 

Ага министрликтин өкүлдөрү, ЖК депутаттары, ошондой эле жазуучунун күйөрмандары жана чыгармачыл интеллигенция катышмакчы. Иш- чара саат 11.00дө башталат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0