23:11 05 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Коом
Кыскача шилтеме алуу
63920

Замандаштарынын айтымында, актер сыртынан каардуу көрүнгөнү менен абдан баласаак, жашык, оюнкараак, тамашакөй келип, көзүнөн жаш чыкканча күлчү экен.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бүгүн кыргыз театр жана кино өнөрүнүн корифейи, алп актер, СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскуловдун туулгандыгына 106 жыл толот.

Муратбек Рыскулов – кыргыз киносу менен театрынын бир өңүрүн чапчый кармап, бул тармактын "кереметке" жетишине салымын кошкон улуулардын улуусу.

Народный артист СССР Муратбек Рыскулов
© Фото / Александр Федоров
СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Муратбек Рыскулов

Алп актердун ролу 1936-жылы Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какейиндеги" Чойбектин ролунан башталган экен. Рыскуловдун сахнадагы жүрөк титиреткен ролдорунун бири катары Касымалы Жантөшевдин "Курманбегиндеги" Тейитбектин, Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдырындагы" Акылбектин ролун аташат. 

Ал эми экрандагы "Бакайдын жайыты", "Караш-караш окуясы", "Отко таазим", "Көчө" тасмаларындагы жараткан ар бир образын өзүнчө шедевр катары баалашат. 

"Өлүп жаткан" король бир көзүн акырын ачып, мага эскертүү берип жатпайбы"

Рыскуловду көрүп-билип, таалимин алып калган Кыргыз эл артисти, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Жамал Сейдакматова төмөнкүчө эскерди. 

"Ал кишинин таланты чындыгында зор эле. Ошого жараша аброю бийик болчу. Биздеги ЦКнын катчылары ордунан тура калчу. Көп иш-чараларды Муратбек ага ачып, аны баары Муке дешчү, аларды туурап биз жаштар да Муке деп артынан ээрчип алар элек. Бир учурду айтып берейин. Театрдагы жаш кезимде режиссер Жалил Абдыкадыров "Король Лирди" коюп калды. Массовкага эркек балдар жетишпегендиктен, бизди да аскерлерче кийиндирип, сакал-мурут чаптап тургузуп коюшту. Мукемдин Король Лирдин кичүү кызы өлүп калгандан кийин эс-акылдан айныган, өлүп калган жериндеги ар бир кыймыл-аракети азыркыдай көз алдымда. Аскер болуп тегерете турабыз, өзүм деле байкабайм, Муратбек агайдын баш жагына туруп калыптырмын. Баарыбыз берилип, өзүбүздү да унутуп калсак керек. Мен ыйлай берип, жашым чапталган сакалдан да агып, жерге тып-тып этип жерге тама бериптир. Бир убакта өлүп жаткан король бир көзүн акыры-ын ачып, мени карап, башын чайкап коёт. Коркуп кетип эле, жер карап туруп калдым", — деди Жамал Сейдакматова.

Ал Рыскуловдун кандай гана роль болбосун, диапазону кең болгондуктан, баарын катыра ойногондугун эскерди. 

"Атанын тагдырында" аскерге кетип өлүп калган баласынын портретинин жанында туруп сүйлөшкөн жери бар. Ошол жерде сүрөттөгү баласы, ыйлаба ата, ыйлабагының деген үн угулганда, Мукем акырын "ичим ачышып жатпайбы" деп айтат. Бул сөздү шыбырап айтса да, 600-700 киши отурган залга замбирек менен аткандай угулчу. Бул актердун ушунчалык чеберчилик менен, ийине жеткире аткаргандыгы. Үнү, дикциясы, темпераментин айтып болбойт. Муратбек агай – сахнанын королу болчу", — дейт актриса Сейдакматова.

Муратбек Рыскуловдун мыкты ролдорунун бири драматург Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдырындагы" Акылбектин образы экендигин айтып келишет. Аны ойноо үчүн актер эс алуу үчүн алып койгон жолдомосунан баш тартып, репетицияга баш-оту менен кирип, бир айдан кийин аталган спектакль менен театр сезонун ачыптыр. 

Кадр из фильма Небо нашего детства
© Фото / Александр Федоров
"Кыргыз кереметинин көч башында" турган "Бакайдын жайыты" тасмасында Бакайдын ролунда.

Рыскулов режиссерду баш кылып, төрт кишини ыйлатканда…

21 жаштагы автор Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" пьесасы атайын жарыяланган конкурста баш байгени ээлеп, Кыргыз мамлекеттик драма театрынын репертуарына кабыл алынат. Режиссерлукка Пржевальский облустук драма театрынын башкы режиссеру Жалил Абдыкадыровду чакыртышат. 

Автор актер менен кокустан кездешүү болбогондо, Рыскулов балким, Акылбекти ойнобой калмактыр дейт. 

"Жалил Абдыкадыров экөөбүз келе жатсак, Мукем астыбыздан чыкты. Мен ал кишинин жанында биринчи болушум. Жалил мени пьесанын автору деп тааныштырды. Мукем, абышканын (Акылбектин – ред.) ролун ким ойнойт деп сурады эле, ал Айбашев деп жооп берди. Мен Мукем ойнойт деген ишеничте элем да, дароо эле сизчи деп сурадым. Кыязы, роль ага тийбегендигине нааразы окшойт, курортко жолдомобуз, эртеңки самолетко билетибиз бар деди. "Пьесаны сиз үчүн жазгам, сиз ойнобосоңуз болбойт" десем, "Айбашов да жакшы артист" деди. "Ал жакшы артист бирок, бул ролго жарабайт" дедим кайра көшөрө. Мукем "режиссерду угуш керек" деди эле, анда мен пьесамды алып кетеримди айттым. Ошентип… эртеси театрга барсам, уу-дуу болуп, "Рыскулов жолдомосун өткөрүп, "Атанын тагдырындагы Акылбекти ойномой болуптур" деген сөз болуп жатыптыр", — деп айтып берди драматург.

"Атанын тагдырында" Акылбектин образын алып чыгууда Рыскулов толгонуп, түйшүктөнүп, бир далай күн өтүптүр. 

Кадр из фильма Улица
© Фото / Александр Федоров
Борош аба ("Көчө" тасмасы")

"Ошону менен репетиция башталды. Эртең менен келебиз, түшкө чейин болуп, кечинде кайра барабыз. Пьесада Акылбектин уулу Болотбек согушта өлүп, медер туткан небереси Жеңишбек энесине качып кетип, анын артынан ээрчип барса, келини уулун бербей коёт. Темтеңдеп үйүнө кайра келип, уулунун портрети менен сүйлөшөт. "Мени эле карайсың, эмне сагындыңбы, куса болдуңбу, чыгарчы үнүңдү угайын" деген сөздөрүн айтат. Сүрөттөгү Болотбектин элеси тирилгендей болуп, үнү чыккан жери бар. Ушул эпизодду бир жумача чыгара албай койдук. Мукем, анын дублеру Абдыашым Көбөгөнов, режиссер, анан мен – автор катары жүрдүк", — деп эскерет Жакиев. 

Бул күндөрдүн биринде Рыскулов режиссер авторду баш кылып, ыйлатып, ролду чыгарып, бирок анысын кайра өзү жаратпай, айласын кетириптир. Акырында комуздун жардамы менен образды жаратканын автор айтып берди. 

Кадр из фильма Небо нашего детства
© Фото / Александр Федоров
"Бакайдын жайыты" тасмасы 1966-жылы элге тартууланган.

"Бир күнү Мукем, коё тургулачы, бир нерсе көрсөтөйүн деди. Репетиция кылган бөлмөнүн ортосуна чыгып, бир бул жакка, бирде тигил жакка күрүлдөп, бир шумдук болду. Үчөөбүздүн көзүбүздөн жаш чыгып кетти. Режиссер Жалил чуркап барып, кучактап, "ой, Муке, бир жумадан бери жүрбөй… бая эле ушуну көрсөтүп койбойсузбу" деди. Баарыбыз ыраазы болуп турабыз. Анан эле Мукем эки санын тарс чаап, бул болбой калды, бул Егор Булычев болуп калды, бул Отелло болуп калды (буга чейин ойногон ролдору – ред.), биз кыргыздын карыясын ойношубуз керек деди. "Мен таппай койдум, сен режиссерсуң, Жалил тап", — деди… Ошентип ролду чыгара албай дагы деле жүрөбүз. Бир күнү эле Мукемдин ылдый жактан үнү угулду. Реквизит берген аял бар эле. "Аня, комуз есть?" деди, ал "какой комуз?" десе, "кыргызский комуз" деп сурады. Аня алып келип берди эле, комузду кучактап алып Мукем репетиция кылган залга келди. "Ой, биз асманга чыгып алып, ылдыйлабай жүрүптүрбүз. Бул комуз, портреттин алдында илинип турат. Согушта өлгөн уулу ушул комуз. Комуз – Акылбектин баласы деп, бооруна комузду кысып, монологун айтты. Ошентип, бул эпизодду бир канча күн изденип жатып чыгарганбыз. Мына ушундай. Мукем көңүлүнө жаккан деталды таппаса, жаны тынчу эмес", — деди драматург Жакиев.

Актер Муратбек Рыскулов в фильме Отко таазим
© Фото / Александр Федоров
Кадр из фильма "Отко таазим"

Репетиция

Ошентип, 1960-жылдын 3-сентябрында, бир айдан кийин "Атанын тагдырынын" биринчи премьерасы болот. 

"Сыйкырлап, тузду өзүнө чакырчу"

Замандаштарынын айтымында, каардуу көрүнгөнү менен абдан баласаак, жашык, оюнкараак, тамашакөй келип, көзүнөн жаш чыкканча күлчү экен. Ал кино тартуу ортосундагы тыныгуу учурунда, карта чабышып, тамашалап ойногондугу эстен кеткис эле дешет. Ал эми ишке келгенда, биз сахнадан көргөн Тейитбектей, Отеллодой каардуу болгондугун эскеришет. "Ишке келгенде чынында каардуу болчу, жаштар кээде жоопкерчиликсиз мамиле жасап, даярданбай келгенде тим эле каарып жиберчү", — дешет замандаштары.

Муратбек Рыскулов с семьей
© Фото / Александр Федоров
Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиева бала-чакасы менен.

Актерлор менен ой-кырда, ысык-суукта бирге жүргөн сүрөтчү Александр Федоров Рыскулов тууралуу жылмаюу менен төмөнкүчө айтып берди.

"Ал киши менин эсимде тамашакөй адам катары калды. Тыныгуу учурунда артисттер, башкалар менен "тринька" деп аталган оюндун кызуусуна кирип кетээр эле. Ал картаны таратаарда колуна бир нече секунд кармап, "туз, туз, сүф, сүф" деп тамашалап, сыйкырлап, мунусу менен тузду өзүнө чакырчу. Буга жанында отургандар каткырып калышар эле", — деп эскерди Федоров.

Муратбек Рыскулов 1909-жылы 6-декабрда Жумгалдын Чаек айылында жарык дүйнөгө келген. Актердун сахнадагы, жашоодогу бир канаты атактуу актриса Сабира Күмүшалиева болгон. Рыскулов 1974-жылы Фрунзе шаарында каза болуп, сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. 

Муратбек Рыскулов в роли Отелло из пъесы Уильям Шекспира
Александр Федоров
Уилям Шекспирдин "Отеллосунда" — Отеллонун ролунда.

Учурда Муратбек Рыскуловдун ысымы Нарын облустук музыкалык драма театры жана Бишкек шаарындагы көчөгө ыйгарылган.

Тема боюнча

Кийинки муун: залкар талант Бакен Кыдыкееванын баркына жете албадык
"Төкөлдөштүн төрт кызынын" бири, залкар актриса Бакен Кыдыкееванын сүрөттө калган элеси
Белгилер:
театр, Сабира Күмүшалиева, Муратбек Рыскулов, Бексултан Жакиев, Жамал Сейдакматова

ЭҢ МААНИЛҮҮ