03:36 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Темир Сариев Чүй облусунун акимдери, айыл ɵкмɵттɵрү жана фермерлери менен жыйын ɵткɵрүү учурунда.

Өкмөт башчы айыл чарбасын заманбап технология менен өнүктүрүү керектигин айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Айыл чарбаны ɵнүктүрүү үчүн мүмкүндүк чоң, бирок жергиликтүү дыйкандар дүйнɵлүк практикада пайдаланып жаткан технологияларды колдоно албай жатат дейт Сариев.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев айыл чарбасын заманбап технологияларды пайдалануу аркылуу ɵнүктүрүү керектигин Чүй облусунун акимдери, айыл ɵкмɵттɵрү жана фермерлери менен болгон жыйында билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Чүй облусу республикадагы алдыңкы облустардын бири экендигин айткан Сариев, анын мүмкүнчүлүгү толугу менен ачыла электигин белгиледи. Өкмɵт тɵмɵнкү пайыздык үстɵк боюнча насыя берип жатканын айтып, бул каражаттарды логистикалык борборлорду, күнɵсканаларды, жашылча-жемиш сактоочу жайларды жана мал союучу жайларды ачууга пайдаланууга боло турганын кошумчалады

"Мен район акимдери алдында келерки жылы ар бир райондо жылына эки ирет түшүм алуу максатында эки-үчтɵн күнɵскана ачуу милдетин коем. Бул жаатта каражаттар жетиштүү. "Айыл банк", "РСК банк" жана Кыргыз-Россия ɵнүктүрүү фонду айыл чарба тармагын ɵнүктүрүү багытында кредиттерди бɵлүүгɵ даяр", — деди Сариев.

Анын айтымында, айыл чарбаны ɵнүктүрүү үчүн мүмкүндүк чоң, бирок дыйкандар дүйнɵлүк практикада пайдаланып жаткан технологияларды колдоно албай жатат. Бүгүнкү күндɵ каражат колдо болгону менен насыялоо үчүн тийиштүү долбоорлор жок болууда. Учурда фермерлерден болгону 300-400 миллион сомго гана арыздар келип түшкөнүн, ал эми банктарда 75 миллиард сомго дейре каражат бар экенин өкмөт башчы билдирди.

Тема боюнча

Сариев: эки жыл ичинде жети логистикалык борбор курулат
Сариев Орус-кыргыз кеңешин айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө чакырды
Белгилер:
айыл чарбасы, насыя, Технологиялар, Темир Сариев

ЭҢ МААНИЛҮҮ