Сариев: өлкө коопсуздугун сактоодо "Манас" менен каада-салттын орду чоң

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТемир Сариев улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылыш салтанатында.
Темир Сариев улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылыш салтанатында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" эпосунун күнү Кыргызстанда 2013-жылы "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы боюнча ЮНЕСКОнун тизмесине киргенден тартып белгиленип келет.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Өлкө коопсуздугун сактоодо "Манас" эпосунун, кыргыздын салт-санааларынын орду зор экенин премьер-министр Темир Сариев улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылыш салтанатында билдирди.

Иш-чарада сүйлөп жатып өкмөт башчы бүгүн белгиленип жаткан "Манас" эпосунун күнү жана Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылышы менен куттуктады.

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТемир Сариев разрезает красную ленту в церемонии открытия памятника Саякбаю Каралаеву
1/4
Темир Сариев разрезает красную ленту в церемонии открытия памятника Саякбаю Каралаеву
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПамятник открытый великому манасчы Саякбаю Каралаеву
2/4
Памятник открытый великому манасчы Саякбаю Каралаеву
© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевТемир Сариев разрезает красную ленту в церемонии открытия памятника Саякбаю Каралаеву
3/4
Темир Сариев разрезает красную ленту в церемонии открытия памятника Саякбаю Каралаеву
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев...премьер-министр Темир Сариев улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылыш салтанатында билдирди.
4/4
...премьер-министр Темир Сариев улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылыш салтанатында билдирди.
1/4
Темир Сариев разрезает красную ленту в церемонии открытия памятника Саякбаю Каралаеву
2/4
Памятник открытый великому манасчы Саякбаю Каралаеву
3/4
Темир Сариев разрезает красную ленту в церемонии открытия памятника Саякбаю Каралаеву
4/4
...премьер-министр Темир Сариев улуу манасчы Саякбай Каралаевдин айкелинин ачылыш салтанатында билдирди.

"Бүгүн кыргызды кыргыз кылып, эчен кылым сактап келген, жөн гана көркөм чыгарма эмес, көчмөн турмуштун энцклопедиясына айланган, көнөрбөс рухий мурас, гениалдуу "Манас" эпосунун күнү. Кыргызда "Башканы коюп Манасты айт" деген жакшы сөз бар. Мына бүгүн башка маселени коюп, биздин элдин эң башкы урааны, баа жеткис байлыгы болгон Манасты айтчу күн. Көкүрөгүн "Манаска" байытып, көөдөнүнө кыргыз деген улуу сезимди уютчу күн", — деди Сариев.

Премьер-министр Саякбай манасчы менен "Манас" эпосун бири-биринен бөлүп кароого болбой турганын белгилеп, маданий олжону чайпалтпай сактап, бизге өткөзүп берген манасчылардын талантына, талыкпас мээнетине баа берүү керектигин билдирди.

"Ата-бабалар калтырып кеткен мурастын учугун улап өздөштүрүүгө коомчулук тарабынан да, мамлекет тарабынан баа берилиши керек. Бул багытта өкмөт өз аракеттерин көрүп жатат жана мындан ары да улантат. Буга чейин 2012-2017-жылдарга карата "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча улуттук программасы киргизилген. Келечекте бул багыттагы иштер улантылмакчы", — деди Сариев.

"Манас" эпосунун күнү Кыргызстанда 2013-жылы "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги адамзаттын материалдык эмес маданий мурасы боюнча ЮНЕСКОнун тизмесине киргенден тартып белгиленип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0