Президент Айлинден тышкары 13 ымыркайга акча бөлдү

© flickr.com / Ferdinand SvehlaЫмыркайдын колу. Архив
Ымыркайдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент алты миллионунчу ымыркайдан башка 13 бөбөккө да акча бөлдү

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев алты миллионунчу жаран Айлин Кожошева менен чогуу төрөлгөн дагы 13 ымыркайдын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөткөнүн өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Премьер балдардын жүзүнөн сүйүп, Айлиндин ата-энесине үйдүн ачкычын тапшырды
Буга чейин алты миллионунчу жаранды аныктаган жумушчу топ 25-ноябрдан 26-ноябрга чейин жарыкка келген 122 наристенин тизмесин президенттин аппаратына берген. Бул тизмеден Айлин менен бир убакытта төрөлгөн 10 ымыркай тандалып алынган. 

Маалыматка ылайык, 6 уул, 4 кыздын арасында бишкектик, чүйлүк жана таластыктар жок болуп чыккан. Мындан улам 10 ымыркайга аталган аймактардан дагы үч наристе кошулуп, Айлин менен чогуу 14 баланын үй-бүлөсүнө 1 миллион 400 миң сом бөлүнүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0