Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги "Манас айылында" ачылат

© Sputnik / Э. Вильчинский / Медиабанкка өтүүУлуу манасчы Саякбай Каралаев. Архив
Улуу манасчы Саякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтанаттуу иш-чара "Манас күнүнө" карата өткөрүлүүдө. Кыргызстанда бул күн экинчи жыл катары менен расмий белгиленүүдө.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкек шаарында жайгашкан "Манас айылы" этнографиялык комплексинде улуу манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги ачыла турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Айтыш өнөрү ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди
Айкел эртең, 4-декабрь күнү Кыргызстанда "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин ЮНЕСКОнун жалпы адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын тизмесине киргизилген 2013-жылдан тарта белгиленип келген "Манас күнүнүн" урматына ачылат.

Залкар манасчынын эстелигинин ачылышы салтанаты премьер-министр Темир Сариевдин катышуусу менен өтөт.

Иш-чарага манасчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0