Ички иштер министрлиги Ош облусунда жер титирөөдөн жабыр тарткандарга 200 миң сом бөлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин шеврону. Архив
Милиция кызматкеринин шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда зилзаладан жабыркагандарга жардам берүү үчүн бардык аракеттер көрүлүүдө.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Ички иштер министрлиги Ош обусунда зилзаладан жабыркагандарга 200 миң сом которду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 18 мобилдүү үй жеткирилди
Өкмөттүн тапшырмасы менен жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам берүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачылган. Буга чейин да бир катар мамлекеттик органдар менен жеке кишилер да эсепке акча которгон. ӨКМдин акыркы маалыматы боюнча эсепке келип түшкөн каражаттын көлөмү 24 милллион сомдон ашкан

17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунда күчү 7 баллга жеткен жер титиреп, жүздөгөн үйлөр жараксыз абалга келген.

Кыргызстанда жер титиреди
Кыргызстанда жер титиреди - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жер титиреди
Жаңылыктар түрмөгү
0