Атамбаев Бириккен Араб Эмирликтин элин майрамы менен куттуктады

Жазылуу
Мамлекет башчысы Араб Эмирлигинин президентине ден-соолук, ал эми эмирликтин элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмирлигинин президенти Шейх Халиф бин Зайед Аль Нахайянды эмираттардын жарыяланган күнү менен куттуктады. 

"Салттуу достукка жана өз ара пайдалуу кызматташууга негизденген кыргыз-эмират мамилелери элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өнүгүп жана чыңдала берет деп ишенем", — деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Атамбаев Бириккен Араб Эмирлигинин президентине чың ден-соолук, бак-таалай жана бакубатчылык, ал эми эмират элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0