Салык кызматы унаага салык төлөнгөнүн ырастоочу чаптама бере баштайт

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүОюнчук автоунаа. Архив
Оюнчук автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын чаптама акысыз берилет. Ал төлөм жүргүзүлгөнүн тастыктап, салык кызматкеринин ысымы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Салык кызматы 2016-жылдан тартып унаа каражаттарына карата салык төлөө фактыларын ырастоочу чаптамаларды бере баштай турганын аталган мекеме билдирди.

Маалымат боюнча 4-топтогу мүлк объекттеринен салык алуу механизмин жакшыртуу максатында өкмөттүн токтому менен автоунаа каражаттарына салык төлөгөн жарандарга салык төлөө фактысын ырастоочу атайын чаптамалар бекитилген.

Салык төлөөгчүнүн баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы ишкерлердин кош салык тууралуу дооматын четке какты
Белгиленген мөөнөткө ылайык, уюмдар, жеке ишкерлер жана жеке жактар үчүн унаа салыгын төлөө жыл сайын 1-сентябрдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.

Маалыматтык эсепти тапшырып, автоунаа каражаттарына салык төлөнгөндөн кийин салык төлөөчүгө төлөм жүргүзүлгөнүн ырастоочу, салык органынын кызматкеринин колу жана анын ысымдык мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн атайын чаптама (так отчёттуулук бланкы) акысыз берилет. Мындан тышкары, атайын чаптама унаа салыгын төлөөдөн бошотулган жактар үчүн каралган. 

4-топтогу мүлк объекттерине карата салык төлөө фактысын ырастоочу атайын чаптаманын диаметри туурасынан 80 миллиметрлүү жана тигинен 65 миллиметр болгон сүйрү формага ээ. Көркөмдөлгөн төрт мөөр менен тонгирлүү торчо түрүндө көрүнүп туруучу коргоо элементтери бар кагаздан жасалат. Кагаздын өңү ыйгарым укуктуу салык органынын чечиминин негизинде жыл сайын алмаштырылып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0