Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 18 мобилдүү үй жеткирилди

© пресс-служба МЧС КРЖер титирөөдөн жабыркагандар үчүн дайындалган мобилдүү үй. Архив
Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн дайындалган мобилдүү үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда контейнер үйлөргө 30дан ашуун үй-бүлө жайгаштырылды. Мобилдүү турак жайларды жасоо иштери улантылып жатат.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жер титирөөдөн жапа тарткан Кара-Суу районунун Чайчы айылына мобилдүү турак жай болуп жасалып чыккан 18 контейнер жеткирилгенин ӨКМ билдирди.

Зилзаладан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган эсепке 24 млн. сом түштү
Маалыматка ылайык, убактылуу баш калкалоочу үйлөр жылууланып, бардык электр жабдуулар орнотулган. Учурда 30дан ашуун үй-бүлө турак жай менен камсыздалды.

ӨКМ жетекчиси Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында өткөн жыйында мобилдүү үйлөрдү куруу иштерин тездетүү тапшырылды.

Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү түштүк аймакта болгон жер титирөөдөн 400гө чукул турак жайлар жараксыз абалга келген. Мындан улам Транспорт жана коммуникация министрлиги менен Кыргызстандын аймагында иштеген компаниялар тарабынан 86 контейнер берилген. Учурда алар четинен мобилдүү турак жай болуп жасалууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0