КРдин футбол дарыгерлери спорт медицинасы боюнча тажрыйбасын Индиядан жогорулатууда

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүФутболчу медициналык текшерүүдөн өтүүдө. Архив
Футболчу медициналык текшерүүдөн өтүүдө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул күндөрү Азия футбол конфедерациясынын жыйыны аталган тема боюнча Индияда өтүүдө.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандын футбол дарыгерлери спорт медицинасы боюнча тажрыйбасын Индиядан жогорулатууда. Бул тууралуу КР Футбол федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

30-ноябрдан 2-декабрга чейин Нью-Делиде Азия футбол конфедерациясынын бешинчи медициналык жыйынып өтүп жатат.

43 мамлекеттен келген 600дөн ашык делегат иш-чарага катышууда. Кыргызстандан баргандардын курамында дарыгерлери Иса Бичанов менен Нурбек Исмаилов да бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0