19:32 16 Үчтүн айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8499
  • EUR79.7791
  • RUB1.0463
Малазийский фотограф в Кыргызстане

Малайзиялык сүрөтчү: чыныгы бүркүтчүлүк өнөрү кыргыздарда сакталып калган

Шимри Лим
Коом
Кыскача шилтеме алуу
34920

Шимри Лим быйыл август айында Кыргызстанга келип, бүркүтчүлөрдүн сүрөтүн тартып кеткен. Ал өз эмгегин Geographic журналынын "The award winning shot" конкурсуна койгон.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik, Расул Үсөналиев. Малайзиялык сүрөтчү Шимри Лим кыргыздардын бүркүтчүлүк өнөрү алардын күчтүүлүгүн жана эрктүүлүгүн көрсөтүп турарын Sputnik агенттиги менен болгон маегинде билдирди.

Ал National Geographic журналынын "The award winning shot" конкурсуна Кыргызстанда тартылган бүркүтчүлөрдүн сүрөтү менен катышып жатат. 

  • Тоодо кымыз менен көмөч нандан табылгыс тамак жок. Жайлоого чыккан малчы.
    Тоодо кымыз менен көмөч нандан табылгыс тамак жок. Жайлоого чыккан малчы.
    Шимри Лим
  • Балалыктын таттуу күндөрү. Жайлоодогу кыргыз кызы
    Балалыктын таттуу күндөрү. Жайлоодогу кыргыз кызы
    Шимри Лим
  • Бүркүтчүлүк кыргыздардын кылымдардан бери атадан балага мурас болуп калтырылып келген өнөр
    Бүркүтчүлүк кыргыздардын кылымдардан бери атадан балага мурас болуп калтырылып келген өнөр
    Шимри Лим
  • Куш таптоо өнөрүндө башкаларга табышмак болгон сыр көп. Ошол сыр, ошол табышмак аларды арбап турат
    Куш таптоо өнөрүндө башкаларга табышмак болгон сыр көп. Ошол сыр, ошол табышмак аларды арбап турат
    Шимри Лим
  • Кыргызстанда жаш-карысы, аял-эркегине карабай комузда кол ойнотушат.
    Кыргызстанда жаш-карысы, аял-эркегине карабай комузда кол ойнотушат.
    Шимри Лим
1 / 5
Шимри Лим
Тоодо кымыз менен көмөч нандан табылгыс тамак жок. Жайлоого чыккан малчы.

Лим Кыргызстанга август айында дээрлик төрт жумага келип, Талас өрөөнүндөгү Беш-Таш жайлоосунан бүркүтчүнү издеп, аны сүрөткө тартып алган. Бүркүтчүнүн кайталангыс элестерин сүрөткө тартып калуу оңой болбогонун ал мындайча эскерет.

"Бүркүтчүнү сүрөткө тартуу чынында оор болду. Себеп дегенде бизде тил билүү жагынан тоскоолдук бар эле. Мен кыргызча же орусча бир сөз билбейм, бүркүтчү да англисче билбейт. Андыктан мен аларды "мындай тургула", же "мени карагыла" деп айткан жокмун. Күн батып баратканда бүркүтчү бүркүттү колуна кондуруп, аны акыркы ууга салып жатканда фотоаппаратымды алып чыгып тартып калдым. Тартып жатканда ал мени караган. Ошол көз ирмемди кое бербей кармап калууга үлгүрдүм. Бул сүрөттү тартуу үчүн короткон убактым текке кеткен жок", — деди малайзиялык сүрөтчү.

Ал ошондой эле, ага аңчылардын жашоосу ага дайыма кызык болуп келгенин айтат. Өзгөчө бүркүттү таптоо, алардын тоо шартында аң уулоосу, негизи эле куш салуу салты абдан суктанарлык экенин ал баса белгиледи.

Конкурска койгон сүрөттөрү боюнча ал буларга токтолду.

"Бийик тоодо табият менен таттуу мамиледа жашаган эл, бүркүт таптап асманды да, жерди да багындырышат. Мен алардын жашоосунда табышмактуу, башкаларды суктанткан нерсе көп деп ойлойм, андыктан ошол сулуулукту, табышмактын жообум таап сүрөткө тартып калгым келди", — дейт ал.

23 жаштагы Шимри Лим учурда Малайзиянын Улуттук коргоо университетинин медициналык факультетинин акыркы курсунда окуйт. Ал окуусун аяктагандан кийин Малайзиянын армиясында дарыгер болуп иштерин билдирди. Ал саякаттап, түрдүү кишилердин жашоосун, ошол көз ирмемдерди сүрөткө тартып калууну абдан жактырат. Буга чейин Непал, Индия, Индонезия, Австралия сыяктуу мамлекеттерде болгон. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Кыргызстанга келген. Кийин мүмкүнчүлүгү болуп калса, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүн да кыдырсам деген тилеги бар экенин айтты.

P.S. Сүрөттөр ушул материал үчүн гана колдонулат.

Тема боюнча

Малайзияда кыргыз боз үйүнүн түндүгү көтөрүлдү
Малайзиялыктар кыргыз тамак-ашы тууралуу тасма тартат
Белгилер:
конкурс, National Geographic, Шимри Лим, Талас облусу, Малайзия, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ