Кыргыз китептер фонду дагы бир нече илимий эмгектер менен толукталды

Жазылуу
Эмгектер мугалимдерге, студенттерге жана жалпы окурмандарга арналган.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргыз китептеринин кору академик Абдылдажан Акматалиевдин бир нече илимий эмгектери менен толукталды. Бул туурасында Илимдер Академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Алар "Көркөм чыгарма жана тарыхый инсандар", "Азыркы адабият: тарых жана мезгил", "Балдарга арналган ырым-жырымдар, үйлөнүү үлпөт салты жана ыры", жана "Байыркы орток түрк адабиятынын очерки" деп аталат. 

"Манас" эпосунун түшүндүрмө сөздүгү чыкты
Биринчи эки китепте кыргыз адабиятындагы мурдагы, кийинки мезгилдерде тарыхый окуяларды жана инсандарды чагылдырган чыгармаларга баа берген. Андан сырткары тарыхый романдарды жазууда, мезгил бүктөмүнө кеткен окуяларды жандандырууда роман жазуучуларынын чеберчилигин элекке салган.

"Балдарга арналган ырым-жырымдар, үйлөнүү үлпөт салты жана ыры" деген китеби балдарды тарбиялоого арналган элдик каада-салттарга, ырым-жырымдарга, кыргыз элинин үйлөнүү салттарына арналган. Эмгек фольклордук, акындар поэзияга жана көркөм адабиятка изилдөөнүн илимий-популярдык формасы менен берилген. 

"Байыркы орток түрк адабиятынын очеркинде" түрк адабиятынын байыркы түрк доорунан берки "Огуз-Наме" баатырдык эпосуна, Коркут Ата, Көр Уулу жөнүндө дастандар циклине, романтикалык аңгемелерге, жомоктор менен тамсилдерге кайрылган. Андан сырткары, Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын, Закирдин Бабурдун чыгармачылыгы туурасында сөз кылган.

Эмгектер мугалимдерге, студенттерге жана жалпы окурмандарга арналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0