Зилзаладан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган эсепке 24 млн. сом түштү

© Бекмамат АйдаркуловЖер титирөөнүн кесепети. Архив
Жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунда жер титирөө болуп, жүздөгөн үйлөр жарактан чыгып калган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Ош облусунда жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 20 миллион 843 миң сом жана 51 миң 373 АКШ доллары (3 миллион 853 миң) чогулду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет. 

Белгилей кетсек, 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунда жер титирөө болуп, жүздөгөн үйлөр жараксыз абалга келген.

Аталган эсеп премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен ачылып, ага акча которуу аркылуу  ишкерлер, министрликтер, ведомстволор жана катардагы жарандар жабыркагандарга жардам бере алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0