Бишкекте көрүстөндүн айланасындагы бактар мыйзамсыз кыйылууда

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБензопила көтөргөн адам. Архив
Бензопила көтөргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Чүй, Бишкек, Талас башкармалыгы тарабынан берилген документтин негизинде баалуу түргө кирген эмен, кара жыгач менен алтыгананын 37 түбүн кыйып жок кылган. Мындан тышкары, жеке адамдын 18 түп кара жыгачты кыйып алуусуна уруксат берилген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ИИМ Бишкектин түндүк тарабында жайгашкан көрүстөндүн айланасындагы бактар мыйзамсыз кыйылып жаткан фактыны аныктап чыкканын аталган мекеме билдирди.

Экскаватор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия "Келечек" жаңы конушундагы мыйзамсыз салынган эки дарбазаны түрттүрдү
Маалыматка ылайык, "Бишкек аза кызматы агенттиги" муниципалдык ишканасы Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча Чүй, Бишкек, Талас башкармалыгы тарабынан берилген документтин негизинде баалуу түргө кирген эмен, кара жыгач менен алтыгананын 37 түбүн кыйып жок кылган. Мындан тышкары, жеке адамдын 18 түп кара жыгачты кыйып алуусуна уруксат берилген. 

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында мамлекетке 477 миң сом зыян келтирилген.

Мунун негизинде аталган эки мекеменин жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0