Сарпашев: даректик баракчалар электрондук форматка өтөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевМамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев. Архив
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын айтымында, мындай кадам жарандардын документ алуу процедурасын жеңилдетип, убакытты үнөмдөйт.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Документ берүүнү жеңилдетүү максатында даректик баракчалар электрондук форматка өтө турганын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев билдирди.

Маалыматка ылайык, документ берүү процедурасын жеңилдетүү боюнча өткөн жыйында Сарпашев электрондук вариант оңтойлуу болуп, убакыт үнөмдөй турганын белгиледи.

"Электрондук форматка өтүүгө эки ай керектелет. Андан кийин жарандардын маалымдама алуу үчүн дарек бюросуна баруу зарылчылыгы жоюлат", — деди төрага.

Учурда Кыргызстан боюнча даректик баракчалардын саны төрт миллионго жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0