Канжар Кадыралиев тил каттын негизинде камактан чыкты

Жазылуу
Издөө жарыялангандан кийин 26-март күнү ал прокуратурага өзү келип, бирок ооруканага жатып калган. Андан кийин сот аны камакка алууну чечкен. Ал арада Келдибаевдердин үй-бүлөсү дооматтарынан баш тартып, тосмо арыз жазып берген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Канжар Кадыралиев Октябрь райондук соттун чечими менен эч жакка чыкпоо боюнча тил каттын негизинде камактан бошотулду. 

Жактоочу Икрамидин Айткуловдун Sputnik агенттигине сотко кылмыш иши териштирүү создугуп кеткенин, бул мезгил аралыгында Кадыралиев УКМКнын тергөө абагында камалып жатканын негиз келтирген. 

"Анын үстүнө ага бир нече ирет операция жасалды. Кадыралиевдин ден соолугунун абалын эске алуу менен сот аны камактан тил каттын негизинде бошотуу боюнча чечим чыгарды", — деди адвокат.

Кылмыш иши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку сот Кадыралиевди камакка алуу чечимин чыгарды
2014-жылы Өзгөн районундагы Келдибаевдердин үй-бүлөсү укук коргоо органдарына кайрылып, Кадыралиев жана анын жан-жөкөрлөрү ишкер Сактан Келдибаевди 31-августта келип коркутуп акча талап кылып, үй-мүлкүн өзүнө каттат деп коркутушканын айтышкан.

Ош шаардык прокуратурасынын мурдагы кызматкери, экс-депутат Ыргал Кадыралиеванын агасы Канжар Кадыралиев опузалап акча талап кылуу жана ур-токмокко алуу аракеттери боюнча айыпталган. Бирок ал сотко келбегендиктен, издөө жарыяланган. 

26-март күнү ал прокуратурага өзү келип, бирок ооруканага жатып калган. Андан кийин сот аны камакка алууну чечкен. Ал арада Келдибаевдердин үй-бүлөсү дооматтарынан баш тартып, тосмо арыз жазып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0