Ошто мобилдүү турак-жайларга экиден үй-бүлө жайгаштырылууда

© пресс-служба МЧС КРАягына чейин жасалып бүтө элек контейнер турак жайы. Архив
Аягына чейин жасалып бүтө элек контейнер турак жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү күнгө карата жалпы жонунан 17 мобилдик турак-жай жеткирилди.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Оштун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл аймагындагы жер титирөөдөн жапа чеккен Чайчи айылынын тургундарына жеткирилген мобилдүү үйлөргө экиден үй-бүлө жайгаштырылып жатат. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Зилзаладан үйлөрү жабыркагандар үчүн тигилген чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зилзаладан жабыркагандар үчүн 8 млн сом жана 50 миң доллар чогулду
Маалыматка ылайык, кечээ аталган айылга эки бөлмөлүү беш мобилдүү турак-жай жеткирилди. Мындан тышкары, толук жасалып бүтө элек 40 тонналык эки контейнер жеткирилди. Министрлик алардын жеринде жасаларын белгиледи.

Бүгүнкү күнгө карата дагы 9 үй-бүлө мобилдик турак-жайдан орун алышты. 2015-жылдын 30-ноябрына карата жалпы жонунан Кызыл-Суу айыл аймагына 17 мобилдик турак үй жеткирилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0