Сариев жер титирөөдөн жабыркагандарга берилген жардамдарды жеринен барып көрөт

Жазылуу
Өкмөт башчы Ош облусунда бир күндүк иш сапары менен жүрөт.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Премьер-министр Ош облусунда 17-ноябрда болгон жер титирөөнүн кесепетин жоюу иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Ош облусунда очогунда күчү 7 баллга жеткен жер титирөө болуп, андан жүздөгөн үйлөрдүн дубалдары жарылып, жараксыз абалга келген болчу.

"Сариев жаратылыш кырсыгынан жабыркаган бир катар райондорго барып, анын ичинде Кара-Суу районундагы Чайчы айылынын жабыркаган жарандары менен жолугушат", — деп айтылат билдирүүдө.

Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Сариев алты миллионунчу атуулдун үй-бүлөсү менен жолугуп, мамлекет тарабынан белек кылынган 4 бөлмөлүү үйдүн ачкычын тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0