Мамлекеттик ишмер Жумагүл Нусупова каза болду

© flickr.com / Elizabeth McClayГвоздика гүлү. Архив
Гвоздика гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал Күлүйпа Кондучалова, Сагын Бегматова, Роба Абдысаматовалар менен бир катарда туруп, жетекчиликте иштеген кыргыз кыздарынын бири болгон.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Катуу оорудан кийин мамлекеттик ишмер, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, мурдагы маданият министри Жумагүл Нусупова 85 жашында көз жумду.

Жумагүл Нусупова менен коштошуу зыйнаты 1-декабрда 09:00дөн 10:00гө чейин өзүнүн үйүндө болот. Мамлекеттик ишмер Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлат.

Нусупова кыргыз маданиятынын, кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн калыптанышына чоң салымын кошкон. Ал Күлүйпа Кондучалова, Сагын Бегматова, Роба Абдысаматовалар менен бир катарда туруп, жетекчиликте иштеген кыргыз кыздарынын бири болгон. 

Атактуу режиссер Эльдар Рязанов 89 жашында каза болду
Нусупова эмгек жолун мектепте пионерлер менен иштөөдөн баштаган. Алгачкы жылдары шаардагы комсомол уюмдардында эмгектенип, андан кийин облустарга которулган. Кийин Кыргызстан Ленин комсомолунун Борбордук Комитетинин катчылыгына бекитилген.

1960-жылы Исхак Раззаковдун буйругу, Турдакун Усубалиевдин сунуштоосу менен ошол кездеги Фрунзе шаарынын партиялык комитетинин идеология боюнча катчылыгына дайындалган. Андан кийин партиялык кызматтарда иштеп жүрүп, маданият министрлик кызматын бир топ жыл аркалаган. Кийин он жылдан ашуун убакыт Михаил Фрунзе. атындагы мемориалдык музейдин директору болуп эмгектенген.

Нусупова Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин 6-10 чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган.

Маданиятка кошкон салымы үчүн бир нече орден-медалдар, Ардак грамоталар менен сыйланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0