Салык кызматы ишкерлердин кош салык тууралуу дооматын четке какты

© Фото / пресс-служба ГНС КРСалык төлөөгчүнүн баракчасы. Архив
Салык төлөөгчүнүн баракчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкек" эркин экономикалык аймактын өкүлдөрү вице-премьер менен жолугушуу учурунда кош салык төлөп жаткандыгы тууралуу даттанышкан. Салык кызматы бул боюнча түшүндүрмө берди.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Эркин экономикалык аймакта (ЭЭА) өндүрүлгөн продукциянын ЕАЭБ мамлекеттерине жана башка өлкөлөргө болгон экспортун чектөөдөн бошотулат, ал эми импортко мындай талап колдонулбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Панкратов: ЕАЭБге кошулуу менен Кыргызстандын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү артты
Маалыматка ылайык, "Бишкек" ЭЭАнын өкүлдөрү вице-премьер Олег Панкратов менен жолугушууда аталган аймакта өндүргөн товар үчүн эки ирет кошумча нарк салыгын төлөп жатышканын айтышкан. 

Салык кызматы ЭЭА субъектилери мыйзамды туура эмес чечмелеп жатышканын белгилейт. 

Мында бир жыл ичинде өндүрүлгөн продукциянын санын эске алуу менен ар бир ЭЭА үчүн квотанын көлөмү кыргыз өкмөтү тарабынан бекитилет. Чектен тышкары алып келинген товарга мыйзамда каралган салык төлөмү алынат. 

"Бишкек" ЭЭА өндүрүлүп, экспортко чыккан товар Кыргызстандын аймагынан тышкары, чектөөдөн да, лицензиялоодон да бошотулат. Мында Кыргызстандын ичинде сатыла турган товардын көлөмү бир жыл ичинде өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмүнөн 30 пайызын түзүшүш керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Кыргызстандын аймагына алып чыккан товардын көлөмү 30 пайыздан ашып кетсе, анда ал соода-сатыктан салык төлөмү алынат. Мында кошумча нарк салыгы 12 пайыз, сатуудан алынган салык 3 пайыз, киреше салыгы 10 пайызды түзөт. 

"Кыргызстандын ЕАЭБге кошулушу менен Бажы кызматынын кыйыр салыктары Салык кызматына өткөн. Мындан улам аталган кызмат бардыгын мыйзамга ылайык эсептеп чыгып, тийиштүү маалымдамаларды жөнөткөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Айтылгандарды эске алуу менен Салык кызматы кош салык тууралуу билдирүү чындыкка дал келбей турганын белгилеп, бул жаатта буга чейин бир катар түшүндүрүү иштери жүргөнүн кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0