Абактагы аялдар СПИД менен күрөшүүнүн жолун айтып беришти

© Sputnik / Олег Пашук / Медиабанкка өтүүАялдар абагында. Архив
Аялдар абагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колонияда кармалгандар мөөнөтүнөн эрте бошотууда эске алына турган грамота менен сыйланышты.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. №2 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткандар өз күчү менен СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата тематикалык иш-чараларды уюштурганын ЖАМК билдирди.

Ошто мектеп окуучулары СПИД менен күрөшүүнүн жолун үйрөнүүдө
Аялдардын түрмөсүндө мындай концерт жана сахналаштырылган оюндар сыяктуу иш-чаралар жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын башкы максаты — СПИД дартынын алдын алуу. 

Иш-чаранын алкагында адистер колониядагыларга оорудан сактануу жолдорун, жана илдетке чалдыккандарга ишеним жоготпоо боюнча маек куруп беришет.

Колониянын жетекчилиги концерттин катышуучуларына ыраазычылык билдирди. Мындай сыйлыктар алардын жаза мөөнөтү жана убактысынан эрте бошотуу маселеси көтөрүлгөндө эске алынары белгиленди.

КРдеги ВИЧ инфекциясы боюнча абалды Sputnik даярдаган инфографикадан көрсө болот >> 

Жаңылыктар түрмөгү
0