Россиядагы түрк ишкерлери корко башташты

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүРоссия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиялык коомдук уюмдар менен түрк бизнесинин ассоциациясы россиялык учакка болгон чабуулдун себебин түшүнө албай жатканын Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтты.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Россияда иштеген Түркиянын бизнес коомчулугу россиялык Су-24 учагына болгон чабуулдан соң кооптонуп, коңгуроо кага баштаганын өлкө президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Учурда Россияда иш алып барган ар кыл түрк уюмдары кооптонуп жаткандыгын билдирип жатышат. Коңгуроо кагып, алар дагы россиялык учакка кол салууну зарылдыгын түшүнө албай турушат", — деди Песков "Россия 24" телеканалындагы маек учурунда.

Россия 2016-жылдан тарта Түркия менен визалык режим киргизет
Шейшемби күнү россиялык Су-24 учагы Сириянын аймагынан түркиялык F-16 ракетасы менен атып түшүрүлгөн. Экипаждын командири менен штурманы учактан секирип чыгууга үлгүрүшкөн. Командир Олег Пешков согушкерлердин аткылоосунан абада эле атып өлтүрүлгөн, ал эми штурман Константин Мурахтин Россия жана Сирия аскерлери тарабынан куткарылган. Операция учурунда деңиз аскер кызматкери Александр Позынич каза болгон.

Песков мындай чагымчылык НАТОнун да, Россиянын да, керек болсо Түркиянын өзүнүн да кызыкчылыгына төп келбей турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0