Алты миллионунчу жарандын ата-энесине жаңы үйгө сертификат тапшырылды

© Айша Камилова Рахат Белекова жана Айлин. Архив
Рахат Белекова жана Айлин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин белектерин өлкө башчынын аппарат жетекчисинин орун басары Нуржан Шайылдабекова менен вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева алып келди.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын алты миллионунчу жаранын жарыкка алып келген Рахат Белековага президент Алмазбек Атамбаевдин атынан төрт бөлмөлүү батир алууга жана бир миллион сомдук депозитке сертификаттар тапшырылганын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Алты миллионунчу жаран төрөт үйүнөн чыкты
Үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында төрөлгөн ымыркайдын энесине президенттин белектерин өлкө башчынын аппарат жетекчисинин орун басары Нуржан Шайылдабекова менен вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева тапшырды. Мындан тышкары, президенттин атынан ата-энеге 100 миң сом берилди.

Бүгүн, 28-ноябрь күнү Айлин атын алган ымыркай энеси менен үйүнө чыгып келди. Аны ооруканадан шаар тургундары өзгөчө шаң менен тосуп алышты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0