Жер титирөөдөн кыйраган 450гө жакын үйдө жашаганга мүмкүн эмес

© Бексултан Эрмамат уулуЖер титирөөнүн кесепети. Архив
Жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
17-ноябрда түнкү саат 11.29де Ош облусунда жер титиреп, эпицентринде күчү 7 баллга жеткен. Анын кесепетинен бир нече турак-жайлар менен социалдык имараттар жараксыз абалга келди.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жер титирөөнүн кесепетинен улам, 432 үйдө жашоого мүмкүн эмес. Бул турак-жайлардын адам өмүрүнө жараткан коркунучу төртүнчү жана бешинчи даражада деп баланарын ӨКМ билдирди.

Ошто жабыркагандарга гуманитардык жардам жүктөлгөн машиналар жөнөтүлдү
Жарандык коргонуу комиссиясы зилзаланын келтирилген чыгымдарын тактоо иштерин улантууда.

Маалыматка ылайык, жер титирөө катталган Ош облусу боюнча жалпысынан 6 143 турак-жай текшерүүгө алынып, 3 398 үй жабыркагандыгы аныкталган. Ошондой эле 90дон ашык социалдык имарат иликтенип, анын ичинен 10 объект жараксыз абалга келгени аныкталган.

Учурда жер титирөөдөн жабыркаган аймакка жардам берүү аракеттери кызуу жүрүүдө. Ал үчүн атайын эсеп да ачылган. Бир жуманын ичинде аталган эсепке 11 миллиондон ашык сом түшкөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0