Тоолуу аймак менен элет мектептерине зымсыз интернет жетет

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүЗымсыз интернеттин белгиси. Архив
Зымсыз интернеттин белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюмдун максаты Кыргызстандагы интернетти өнүктүрүүгө, жеке инфраструктура менен жергиликтүү контентти түзүүнү максат кылат.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ISOC бөлүмүнүн расмий иштей баштаганы тууралуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту билдирди.

Мечиттеги адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оштун имамдары эми WhatsApp колдонуп иш алып барышмакчы
ISOC (ISOC Kyrgyzstan Chapter — Интернет коомчулугу) — интернет түйүнүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жана аны өнүктүрүү боюнча иш алып барган эл аралык уюм. Учурда ага 80 миңден ашуун пайдалануучу мүчө болуп, дүйнө боюнча 111 бөлүмү иштейт.

Уюмдун максаты Кыргызстандагы интернетти өнүктүрүүгө, жеке инфраструктура менен жергиликтүү контентти түзүү, интернеттин мындан аркы өнүгүшүн талкуулоо үчүн ачык дискуссияларды жүргүзүү, адамдардын кызыкчылыгы үчүн кызмат кылуучу позитивдүү курал катары жайылтуунун максат кылат. 

Алгачкы жылы ISOC Kyrgyzstan Chapter Кыргызстандын алыскы жана тоолуу аймактарын жана айыл мектептерин зымсыз интернет менен камсыздоо боюнча иш жүргүзө турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0