Өкмөттүн багуусундагы майып кары-картаңдар майлуу тамак менен дары-дармекке муктаж

Жазылуу
Акыйкатчы институту жалпысынан социалдык мекеменин абалы дурус экенин белгилеп, бирок бир катар көйгөйлөрдөн да куру эместигин айтты.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Социалдык атайын мекемеде күн көргөн майып кары-картаңдар дары-дармек жана майлуу тамак жагынан аксап жаткандыгы Акыйкатчынын милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиева аталган жайдын абалы менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө мекемеде 196 жаран күн кечирип келет, анын 104ү аял болсо, 92си — эркектер. Жашоочулар үчүн атайын жайда бардык шарттар түзүлгөн, күнүнө 100 сомдук үч маалкы тамак менен камсыздалган. 

"Мекемеге бөлүнгөн каражаттын негизги бөлүгү корголгон беренелерге жумшалат. Ал эми оңдоп-түзөө иштери демөөрчүлөрдүн жардамы менен жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Президент Атамбаев карылардын жана майыптардын мекемелерине акчалай жардам көрсөттү
Муну менен бирге дары-дармек жана тамак-аштын күчтүүлүгү боюнча бир катар көйгөйлөр бар экени аныкталды. Мындан тышкары, мекеме жашоочуларын ооруканага жаткырууда тез жардамдын жеткиликтүүлүгү кыйынчылык жаратып келет. Стоматологиялык кабинет да жаңылоого муктаж экени айтылды. 

Жолугушууда пенсионерлер жана майып кары-картаңдар менен барар жери жокторду өзүнчө бөлүү маселеси каралды. 

Мындан тышкары, мекеменин кызматкерлерине төлөнүүчү айлык акы маселеси көтөрүлдү. Учурда бир жумушчу 4 миң сом маяна алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0