Жер титирөө болгон аймакта сабактар кадимкидей өтүп жатат

Жазылуу
Министрлик жер титирөөдөн үйлөрү жарактан чыгып, кыйын абалга туш болгондордун арасында 307 окуучу жана 20 мугалим бар экенин белгилейт.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Оштун жер титирөө болгон аймагында сабактар бекитилген тартипте өтүп жатканын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери зилзала болгон Алай, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондоруна барып, жер титирөөдөн жабыркаган окуу жайлардын абалы менен таанышты.

"Уруда абал турукташты. Сабактар кадимки график менен өтүп жатат. Министрликтин өкүлдөрү райондук билим берүү бөлүмдөрү менен биргеликте өзгөчө кырдаал учурунда эмне кылуу керектиги тууралуу окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик жер титирөөдөн үйлөрү жарактан чыгып, кыйын абалга туш болгондордун арасында 307 окуучу жана 20 мугалим бар экенин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0