Бишкек мэриясы жер титирөөдөн жабыркагандарга 3 млн. сом чогултту

© Фото / Нургазы ЧыныбековБишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив
Бишкек шаарынын мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ӨКМ мекеменин атайын эсебинде эки миллион сомго чукул каражат чогулганын билдирген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы Ошто жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн үч миллион сом чогултканын муниципалитет билдирди.

Зилзаладан жабыркагандар үчүн курулган мобилдүү турак жайлар. - Sputnik Кыргызстан
Зилзаладан жабыркагандар үчүн 6 мобилдүү турак-жай даяр болду
Кечээ, 24-ноябрь күнү мэрия Ош облусуна кийим-кече, азык-түлүк, курулуш материалдары жана башка керектүү буюм-тайымдар жүктөлгөн төрт унаа гуманитардык жардам жөнөткөн. Маалыматка ылайык, аталган жардамдын жалпы суммасы 1 миллион 200 миң сомду түзгөн.

ӨКМ шаршемби күнү мекеменин атайын эсебине 2 миллион 90 миң сомдун которулганын, каражат ушул убакка чейин түшүп жатканын кабарлаган. 

Учурда министрликтин түндүк жана түштүк борборлорунда зилзаладан улам үй-жайсыз калгандар үчүн 20 жана 40 фунттук контейнерлер мобилдүү турак жайларга ыңгайлаштырылып жатканы белгиленген. Курулуш иштери менен таанышып чыккан министрдин орун басары ушу тапта жылууланган, электр жарыгы кирген алты мобилдүү үй даяр болгонун, күнүнө 14-15 үй жасоого мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0