Зилзаладан жабыркагандар үчүн 6 мобилдүү турак-жай даяр болду

© Фото / пресс-служба МЧС КРЗилзаладан жабыркагандар үчүн курулган мобилдүү турак жайлар.
Зилзаладан жабыркагандар үчүн курулган мобилдүү турак жайлар. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ӨКМ түндүк жана түштүк борборлорунда чоңдугу 20 жана 40 фут контейнерлерди турак-жайга ылайыкташтыруу иштери жигердүү жүрүп жатат.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ошто жер титирөөдөн жапа чеккен жергиликтүү тургундарга арналган контейнерлер мобилдүү турак жайга ылайыкташтырылып жылууланып, электр жарыгы орнотулуп жатат. 

Маалыматка ылайык, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбеков Ош шаарында жайгашкан ӨКМ түштүк борборунда контейнерлерди мобилдүү турак-жайга ыңгайлаштыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты.

© пресс-служба МЧС КРДавлетбек Алимбеков Ош шаарында жайгашкан ӨКМ түштүк борборунда контейнерлерди мобилдүү турак жайга ыңгайлаштыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты
Давлетбек Алимбеков Ош шаарында жайгашкан ӨКМ түштүк борборунда контейнерлерди мобилдүү турак жайга ыңгайлаштыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты - Sputnik Кыргызстан
1/3
Давлетбек Алимбеков Ош шаарында жайгашкан ӨКМ түштүк борборунда контейнерлерди мобилдүү турак жайга ыңгайлаштыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты
© пресс-служба МЧС КРУчурда аталган борбордо алты мобилдүү үй даяр болгон
2/3
Учурда аталган борбордо алты мобилдүү үй даяр болгон
© пресс-служба МЧС КРАлимбеков түндүк борбордо 15 курулуш бригадасы иштеп жатканын, күнүнө 14-15 үй жасоого мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
3/3
Алимбеков түндүк борбордо 15 курулуш бригадасы иштеп жатканын, күнүнө 14-15 үй жасоого мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
1/3
Давлетбек Алимбеков Ош шаарында жайгашкан ӨКМ түштүк борборунда контейнерлерди мобилдүү турак жайга ыңгайлаштыруунун жүрүшү менен таанышып чыкты
2/3
Учурда аталган борбордо алты мобилдүү үй даяр болгон
3/3
Алимбеков түндүк борбордо 15 курулуш бригадасы иштеп жатканын, күнүнө 14-15 үй жасоого мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Учурда аталган борбордо алты мобилдүү үй даяр болгон. Алимбеков түндүк борбордо 15 курулуш бригадасы иштеп жатканын, күнүнө 14-15 үй жасоого мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.

Чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто жер титирөөдөн жапа чеккендерге Кыргызстан түп көтөрүлө жардам берип жатат
Үстүбүздөгү жылдын 17-18-ноябрь күндөрү болгон 7 баллдык жер титирөөдөн Оштун Кара-Суу жана Алай райондорунда жүздөгөн үйлөр жараксыз абалга келип, адамдар эшикте калышкан. Убактылуу баш пааналоо үчүн Транспорт жана коммуникация министрлиги жана бир катар компаниялар тарабынан берилген  чоңдугу 20 жана 40 фунт контейнерлерди мобилдүү турак жайларга ыңгайлаштыруу каралган.

Зилзаладан жабыркагандарга Кыргызстандык чар тарабынан гуманитардык жардамдар жөнөтүлүп, мекеме, ишканалар акча которушууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0