Кара-Кулжада 47 жыл мурун курулган мектеп жаңыланды

© flickr.com / garycyclesРемонт жабдыктары. Архив
Ремонт жабдыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда 160 орундуу мектеп окуу эмереги менен толук камсыздалып, заманбап талаптарга ылайыкташкан.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жетим-Дөбө айылында мектептин жаңы корпусу ачылганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Нарындын Алыш-Дөбөлү айылы 20 жылдан бери биринчи мектепке ээ болду
Маалыматка ылайык, Таштан Суранбаев атындагы мектептин биринчи корпусу 1961-жылы курулуп, экинчиси жети жылдан кийин ашар ыкмасы менен салынган.

160 орундуу мектеп окуу эмереги менен толук камсыздалып, заманбап талаптарга ылайыкташкан. 

Алыскы элет жериндеги жаңы мектептин ачылышына министрлик, Ош облусунун жана Кара-Кулжа районунун администрация өкүлдөрү катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0