Бала-чакасы, неберелери менен Сирияга кетти деген байбиче эмне издеди болду экен?…

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСириянын жашоочулары. Архив
Сириянын жашоочулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көлдүк байбиче уул-кыздары, келиндери жана неберелери менен кошо диний чар-чатак болуп жаткан Сирия тарапка чыгып кеткен деген маалымат кыргыз коомунун жакасын карматкан окуялардан болуп калды.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. ИИМден алынган маалыматтарда, Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 36 жаштагы тургуну 76 жаштагы энесин баш кылып, 24 тууганын Сирия тарапка алып чыгып кеткен.

Кемпирдин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тоңдун жашоочусу 76 жаштагы энесин баш кылып, 24 тууганын Сирияга алып чыгып кеткен
Айылдыктардын айтымында, үй-бүлө орто деңгээлде жашаган. Бүлөнүн атасы мындан бир нече жыл мурун кайтыш болуптур. 

Жыйырмадан ашуун туугандарын Кыргызстандан алып чыгып кетти деген Жолдошбек Бишкекке келип, экинчи ирет турмуш куруп, 2007-жылы кара-суулук кызга баш кошуп, төрт балалуу болгон. Ал эми 2013-жылдын аягында  Кыргызстандан Түркияга иштейм деп чыгып кеткен. 

"Ал туугандары менен телефон аркылуу байланышып турган. Бир жылдан кийин Түркияда иш бар деген шылтоо менен аялын, апасын, башка айылда жашаган эжесин, карындашы-күйөө баласын чакырган. Алар менен кошо Балыкчынын аймагынан дагы бир эжеси менен жездеси үч баласын алып кеткен. Биринчи жолкусунда бала-бакырасы менен Кыргызстандан 13 киши чыгып кетип жатат", — деп айтышты ИИМден.

Маалыматтарга караганда, балдардын улуусу он жети, ал эми кичүүсү үч жашта. Алардын бешөө мектеп жашындагы окуучулар болуп чыкты.

"Бир жылдан кийин экинчи этап менен 2014-жылдын аягында, декабрда кошуна айылда жашаган дагы бир эжеси менен жездеси төрт баласын алып чыгып кетишкен", — деп билдиришти ИИМдин 10-бөлүмүнөн.

"Ал орто жолдо жок болуп кетип, кийин эле өзгөрүп келди"

Күн Чыгыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин төрагасы Самат Баястанов жакындарын өлкөдөн алып чыгып кеткен айылдашын эч ким менен сүйлөшпөгөн, киши менен оңой байланыша бербеген адам катары сүрөттөдү.

"Жүрүп-жүрүп эле жок болуп кетишти. Ал жигиттин башкалар, туугандары менен кандай сүйлөшчү экенин билбейм, бирок сыртынан караганда түнт, киши менен анча ымаласы жоктой көрүнчү. Орто жолдо жок болуп кетип, кийин эле сакал коюп, башкача болуп өзгөрүп келди. Көп деле маани берген эмепиз", — деди Баястанов. 

Айылдыктар эле эмес, кыргызстандыктардын көбүн таң калдырып, согуш аймактарына баласынын артынан уул-келинин, неберлерин ээрчитип чыгып кеткен 76 жаштагы байбиче туурасында төмөнкүчө айтып берди.

"Мен айылдагылар пайдаланчу сугат сууну көзөмөлдөйт элем. Алар жер иштетчү. Суу кезегине жазылыш үчүн келип калчу. Мындай кадамга барат деген эч кимдин оюнда жок болучу. Ачык-айрым кадимкидей эле сүйлөшүп, башкалардан айырмаланчу деле эмес. Бети-башын чүмкөнүп, жоолук оронуп деле жүрчү эмес", — деп кошумчалады. 

ИИМ: Сирияга билимдүү, орто оокаттуу жашагандар кетип жатат
Булардын эмне кызыкчылыкты көздөп өлкөдөн чыгып кеткендиги азырынча белгисиз. Ал эми учурда өлкөдөгү тиешелүү түзүмдөр бул жаатта иликтөө иштерин улантып жаткандыгын ИИМден кабарлашты.

Ал эми Кыргызстанда эктремизм, терроризм жаатындагы радикалдык уюмдарга кирип кетүүнүн алдын алуу максатында өлкөдө ири масштабда профилактикалык иштер жүрүп келет. Муфтият, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин өзгөчө жаштар, студенттер арасында түшүндүрүү иштери улам кулач жаюуда, бирок Сирияга чыгып кеткендердин саны баары бир өсүп баратат. 

Учурда Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны 500гө чамалап барса, алардын 300ү түштүк аймактан кеткен. Ал эми аялдардын саны 105ке чукул.

Эксперттин пикири 

Коопсуздук боюнча эксперт, атайын кызматтардын отставкадагы полковниги Талант Разаков Кыргызстанда мынча көп сандагы үй-бүлө мүчөлөрү биринчи ирет кетип жаткан көрүнүш экендигин айтты. Алардын мындай кадамга барышы түшүнүксүз бойдон калып жатат дейт.

"Булардын кадамы – Кыргызстандын бизге кереги жок, Халифат менен гана жашайбыз, кеттик эми дегендик. Үй-бүлөсү менен аттангандар республиканын аймагында болуп жатат, ал жаңылык эмес. Ал эми мынчалык көп сандагы адамдын кетиши, албетте, биринчи ирет кездешип жаткан көрүнүш. Бүтүндөй үй-бүлө жапырт кетип калышына  эмне түрткү болгону түшүнүксүз. Сирияда биздин жарандарды кыргындан башка эч нерсе күтпөсү турган иш. Менимче, алар кайра келбей турган кишилер. Ал эми жыйырмадан ашык кишинин кетиши массалык түрдө эмес, сейрек кездешкендиктен, кеңири жайылган көрүнүш катары карабашыбыз керек ", — деди Разаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0