Sputnik Кыргызстан менен Beeline "Кесипкөй журналистиканын мектебине" чакырат

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүSputnik эл аралык маалымат агенттигинин логотиби. Архив
Sputnik эл аралык маалымат агенттигинин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чараны "Россия сегодня" Эл аралык маалымат агенттиги алып барат.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан эл аралык маалымат агенттиги менен байланыш рыногунун лидери Beeline өлкөнүн журналисттери менен блогерлерин "Кесипкөй журналистиканын мектебинин" алкагындагы тренингге чакырат.

Жазуучу Алыкул Осмонов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда башталган поэзия эстафетасы Абхазия менен Осетияга жетти
Иш-чара 26-ноябрь күнү Бишкекте болот. Долбоор Beeline тарабынан экинчи жылы катары менен өтүүдө. Бу жолкусунда "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин өкүлдөрү спикерликке чакырылган.

Журналисттерге "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин аткаруучу директору Олег Ананьев, окуу борборунун жетекчиси Олег Щедров жана агенттиктин бөлүм жетекчиси Денис Железняков лекция окушат.

Окууга катышуу үчүн bsatarova@beeline.kg дарегине "тренинг" деген белги менен 25-ноябрь саат 17.00гө чейин кат жолдоо зарыл. Анда катышуучунун аты-жөнү толугу менен, басылма (блог, аккаунт), жана байланыш жолдору болушу шарт. Кирүү акысыз. Иш-чаранын так убактысы жана орду бардык катталгандарга электрондук дарек аркылуу маалымдалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0