Тоңдун жашоочусу 76 жаштагы энесин баш кылып, 24 тууганын Сирияга алып чыгып кеткен

Жазылуу
Алынган маалыматтарга караганда, Сирияга кеткен үй-бүлөлөрдүн балдарынын улуусу 17, ал эми кичүүсү үч жашта.

БИШКЕК, 24- ноя. — Sputnik. Тоң районунун Бөкөнбаев айлынын жашоочусу 76 жаштагы энесин баш кылып, 24 тууганын Сирияга алып чыгып кеткен. Бул туурасында ИИМдин Тоң райондук Ички иштер бөлүмүнүн 10-тобунан Sputnik маалымат агенттигине билдиришти.

"Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын 36 жаштагы тургуну бир жыл ичинде Тоң районунан 19, ал эми Балыкчы аймагынан беш тууган-туушканын алып чыгып кеткен. Алардын арасында 76 жаштагы энеси бар", — деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

ИИМ: Сирияга билимдүү, орто оокаттуу жашагандар кетип жатат
36 жаштагы жаран алгач 2013-жылдын аягында Түркияга иштейм деген шылтоо менен чыгып кеткен. Ал эми бир нече айдан кийин аялын, энесин, төрт баласын, эже-жезделерин Түркияга чакырткан. Чоңдор өздөрү менен кошо балдарын ала кеткен. Алынган маалыматтарга караганда, алардын улуусу 17, ал эми кичүүсү үч жашта.

Райондук 10-бөлүмдөн ал "Таблиги жамааты" уюмунун мүчөсү болгондугун кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0