ИИМ: Сирияга билимдүү, орто оокаттуу жашагандар кетип жатат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүДамаск шаарындагы Сирия аскерлери. Архив
Дамаск шаарындагы Сирия аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирияга кеткендердин саны 500гө чамалап барса, алардын 105ке жакыны аялдар.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Сирия, Иракка орто деңгээлде жашаган, билимдүү жарандар кетип жатат. Бул туурасында ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Салим Раимов Жалал-Абадда профилактикалык иш-чара учурунда айтты. 

"Экономикалык жагын карасак, кеткендердин турмушу орто жана ортодон өйдө жашагандар экен. Анан калса, алар билимдүү эле жарандар болуп чыкты. Муну биз жасаган анализдөөлөр аркылуу аныктадык", — деди Раим Салимов.

Бул негизгинен исламды туура эмес түшүнүп, туура эмес маалымат алгандан улам болуп жаткандыгын кошумчалады.

Анын айтымында, Сирияга кеткендердин саны 500гө чамалап барса, алардын 300ү түштүк аймактан кеткен. Ал эми аялдардын саны 105ке жакын.

Жаңылыктар түрмөгү
0