21:18 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8160
  • EUR77.4818
  • RUB1.0536
Дамаск шаары, Сирия. Архив

Раим Салимов: бир үй-бүлө Сирияга жети баласы менен чыгып кеткен

© AFP 2019 / Louai Beshara
Коом
Кыскача шилтеме алуу
39410

Сирияга кеткендердин саны 500гө жакын болсо, алардын ичинде үй-бүлөсү менен кеткендер бир топ болууда.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Сирияга Кыргызстандан кеткен үй-бүлөнүн эң алдынын жетиден, артынын бирден баласы бар. Бул туурасында ИИМдин 10-Башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Раим Салимов билдирди.

Анын маалыматында учурда Сирияг а кеткендердин саны 500гө жакын болсо, алардын ичинде үй-бүлөсү менен кеткендер бир топ болууда.

"Сирияга кеткен кыргызстандыктар жарым миңге жакын болсо, алардын 50гө чукулу толук кандуу үй-бүлөлөр болуп чыкты. Алар эң аз дегенде бир баласы менен аттанган. Бир үй-бүлө тогуз мүчөсү менен, башкача айтканда жети баласы менен кеткен", — деди Салимов.

Террордук уюмдар аларды бала-чакасы менен алып кетип жатканынын өзгөчө бир максаты бар экендигин белгилеген Салимов, бул келечектеги согушкерлерди даярдоо аракет деген маалыматты айтты.

"Жөн адамдын башын айлантууга каражат көп кеткендиктен, алар баланын кичинекей кезинен тартууга аракет кылып жатышат. Үй-бүлө менен алып кетип жатканы – бала согушту көргөндөн кийин, аларга эч кандай идеологиялык тарбиянын кереги жок болуп, бир нече жылдан кийин даяр согушкер болуп чыга келет",— деди Салимов.

Расмий маалыматтарга караганда, Сирияга кеткен кыргызстандыктардын 23 пайызы аял кишилер. Бүгүнкү күнү өлкө боюнча диний экстремисттик жана террористтик көз карашты колдогон 1866 адам каттоодо турат.

Тема боюнча

Жарандарды Сирия менен Иракка жөнөтүп турган уюмдун мүчөсү кармалды
Раим Салимов: акыркы кездери Сирияга кетүүгө камынган аялдар көп болууда
Белгилер:
согушкер, аялдар, ИИМдин 10-башкы башкармалыгы, ИИМ, Раим Салимов, Сирия

ЭҢ МААНИЛҮҮ