Кыргызстандын эстрада ырчысы Мирбек Атабеков уулдуу болду

© Фото / предоставлено Мээрим ТолопбергенЫрчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлөпберген менен. Архив
Ырчы Мирбек Атабеков жубайы Мээрим Төлөпберген менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инстаграммда ырчыны перзенттүү болушу менен үч жүзгө чукул адам куттуктап, атадан артык уул болсун деген маанайдагы каалоолорду жазышкан.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ырчы Мирбек Атабеков уулдуу болгондугун инстаграммдагы баракчасына жазып, жакындарына, досторуна, өзгөчө жубайы Мээримге ыраазычылыгын билдирген.

"Достор бүгүн биз экөөбүз балалуу болдук! Биринчиден, баардыгыбызды жараткан Аллах таалама терең ыраазычылыгымды билдирем! Ата-энелерибизге, мекендештерге, туугандарга, досторго өзгөчө (менин сүйүктүүмө) баардыгыңыздарга чоң рахмат ", — деп жазган ырчы он алты саат мурда.

Инстаграммда ырчыны перзенттүү болушу менен үч жүзгө чукул адам куттуктап, атадан артык уул болсун деген маанайдагы каалоолорду жазышкан. 

Ырчы Мээрим Төлөпберген менен 2013-жылы декабрь айында баш кошкон. 

Кыргыз эстрада ырчыларынын дагы бири – Каныкей да мындан бир нече күн мурда уулдуу болгондугун социалдык тармактарга жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0