"Спартак" стадионунун оюн талаасына жаңы көк шибер төшөлөт

© пресс-служба ФФКРСпартак стадионундагы газон. Архив
Спартак стадионундагы газон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн негизги футбол талаасынын жер кыртышы жаңыланат.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунун көк шибери толугу менен алмаштырыла турганын КР Футбол федерациясы билдирди.

30 сантиметрлик жер кыртышы толугу менен жаңысына алмаштырылат, ал оюн талаасындагы чөптүн жакшы өсүшүн шарттайт.

"Азыр оюн талаасынын топурагы жумшартылды. Дүйшөмбүдөн тарта топурак менен кум төшөө башталат", — деп федерациядан билдиришти.

Маңдайы жарыла кубанган Сариев футболчуларды кучактап, ыраазычылыгын билдирди
Жер кыртышы алмаштырылгандан кийин газон алмаштырылат. Аны жакшы төшөө үчүн көп убакыт талап кылынат.

Жазга чейин стадиондун талаасы эң мыкты болуп каларын федерациядан кошумчалашты.

Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында Кыргызстан өз үйүндө акыркы жолу Иорданияны кабыл алып, 1:0 эсебинде утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0