Кыргызгидромет: Ош – Бишкек жолуна кар көчкү түшүү коркунучу бар

Жазылуу
Кыймыл учурунда унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы керектигин "Кыргызгидромет" эскертет.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Жаап өткөн карга байланыштуу Ош – Бишкек жолуна кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" билдирди.

Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кышка даярсызбы, үйдү жылытуу канча турат?
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош кан жолунун 121-137, 198-265 чакырымдарында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу ыктымал. Жолдор тайгак болуп жана муз тоңот. Ошондуктан жолдо бара жаткан унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарылдыгын "Кыргызгидромет" эскертет.

Ал эми Бишкек шаарында туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Күндүз аба ырайы +7…+9 градус жылуу болот. 

Республика аймагында тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0