Бишкекте кыргыз тикмечилердин колунан чыккан кийимдердин жарманкеси болууда

Жазылуу
"Made in Kyrgyz Republic: Мода чебери — 2015" жарманкеси Бишкекте өтүүдө. Жарманкеге келгендер белгилүү кол өнөрчүлөр жана жаш дизайнчылар менен модельерлердин иштерин көрө алышат.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Дем алыш күндөрү шаардагы соода борборлорунун биринде кыргыз жеңил-өнөр жайынын "Made in Kyrgyz Republic: Мода чебери 2015" фестиваль-жарманкеси өтөт. 

Кыргыздын кийиз буюмдары Японияны багындырууда
Ага белгилүү бренддердин жана жаш дизайнерлердин колунан чыккан буюмдар коюлат. Жарманкенин жүрүшүндө модалуу кийимдер көргөзүлүп, ал чакан концерт менен коштолот.

Иш-чаранын максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн товарларын калк арасында жайылтуу.

"Мода чебери —2015" — бул жөн гана көргөзмө-жарманке эмес, ал моданын эки күндүк майрамы экенин уюштуруучулар белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0