КР футболчуларын өзгөчө сүрөөнгө алган активдүү күйөрманга белек тартууланды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан — Иордания футбол беттешиндеги күйөрман. Архив
Кыргызстан — Иордания футбол беттешиндеги күйөрман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Федерация аталган жаран өзүнүн ураан, кыйкырык сүрөөнү менен башка күйөрмандарды да шыктандырып жеберерин белгилейт.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча командасынын активдүү күйөрманы — Али аттуу жаранга Футбол федерациясы белек тартуулаганын аталган мекеме билдирди.

Федерациянын айтымында, дал ушул адам үнүнүн болушунча кыйкырып-өкүрүп сүрөп атып, башка күйөрмандарды да шыктандырып жиберет. 

А вот этого яркого болельщика, который постоянно приходит поболеть за сборную Кыргызстана, знают многие. Именно он завод…

Posted by Федерация футбола Кыргызской Республики on 20 ноября 2015 г.

Али мырзага Футбол федерациясынын символикасы менен белгилери түшүрүлгөн белектер ыйгарылды.

Түрк улутундагы күйөрман алгач ушул жылдын жай айында жергиликтүү команданын Австралия менен беттешүүсү учурунда байкалган. Ал кыргызстандык команданын оюндарын калтырбай, стадионго түркиялык "Фенербахче" клубунун кийимин кийип келгени менен айырмаланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0