Зилзала: кара-суулуктар каңырыгы түтөп, арпа-тектирликтер айласын таппай отурат

© Шумкарбек ПайзиевЗилзаланын кесепети. Архив
Зилзаланын кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркыга чейин тынчыбай, кез-кези менен жердин термелиши Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунун жашоочуларынын бир тобун үйүнөн ажыратып, баш паанексиз калтырды. Алардын көбү чатырда кыштап чыкмай болду.

Акча каражаттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер титирөөдөн жапа чеккендерге өкмөт бир күндүк айлыгын которот
Sputnik агенттиги ай-талаада калып, кызыл чиедей балдары менен аргасыз абалда турган жашоочулар менен сүйлөштү. Алардын бири Арпа-Тектирлик Ыкыбал апа учурда сөздүн түз маанисинде алганда, эшикте отурат. 

Чиедей неберелерим менен кимге барып баш калкалайт элем… 

— Айла жок жашай бердим эле, аким келип, үйүңүзгө кирбеңиз, жашаганга болбой калыптыр, басып калышы мүмкүн деп айтып кетти. Бурчтары жарылып, ортосунан да жарака кеткен. Акыбалым оор. Кечээ Кудай сактасын деп, неберелерим менен тамга эле түнөп чыктык.

— Колуңузда канча балаңыз бар?

— Баатыр энемин. Тогузу аман-эсен. 20 небере-чөбөрөлөрүм бар. Ушул үч бөлмөлүү тамда былтыр кышта беш үй-бүлө, 18 киши жашап чыктык. 

— Эми кайда баш калкалайсыз? 

— Азыр эшикте отурам. Неберлеримди жылуу кийинтип койдум. Бала да, ойноп жүрүшөт. Анан каякка барайын, туугандарыма барсам деле ушунча балдарым, неберелерим менен батпайм да. Эгерде чатыр берип калса, үч үй-бүлө, тогуз киши жашайбыз. Бир дудук уулумду төрт баласы менен кайындарына жөнөттүм. 

Бул зилзалага учураган Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө тиешелүү Арпа-Тектир айылындагы чиедей неберелери менен таалаада калган Ыкыбал Самиева менен болгон маегибиз. Анын жараксыз болуп калган үйү мындан жарым кылым мурда курулуптур. Ыкыбал апа учурда 64 жашта. Былтыркы кышта да кыйналып чыккан экен.

© Бексултан Эрмамат уулуОштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
1/9
Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
© Бексултан Эрмамат уулуОштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
2/9
Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
© Бексултан Эрмамат уулуОштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
3/9
Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
© Бексултан Эрмамат уулуҮйдүн алдындагы чатырлар.
4/9
Үйдүн алдындагы чатырлар.
© Бексултан Эрмамат уулуОштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
5/9
Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
© Бексултан Эрмамат уулуОштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
6/9
Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
© Бексултан Эрмамат уулуҮйдүн алдындагы чатырлар.
7/9
Үйдүн алдындагы чатырлар.
© Шумкарбек ПайзиевЖер титирөөнүн Арпа-Тектир айылындагы кесепети.
8/9
Жер титирөөнүн Арпа-Тектир айылындагы кесепети.
© Шумкарбек ПайзиевЖер титирөөнүн Арпа-Тектир айылындагы кесепети.
9/9
Жер титирөөнүн Арпа-Тектир айылындагы кесепети.
1/9
Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
2/9
Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
3/9
Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
4/9
Үйдүн алдындагы чатырлар.
5/9
Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
6/9
Оштун Алай жана Кара-Суу райондорунда болгон жер титирөөнүн кесепети.
7/9
Үйдүн алдындагы чатырлар.
8/9
Жер титирөөнүн Арпа-Тектир айылындагы кесепети.
9/9
Жер титирөөнүн Арпа-Тектир айылындагы кесепети.

 

"Чалым каза болуп калгандыктан, балдарды өзүнчө бөлүп, турак-жай кылып бере албадым. Үч бөлмө он сегизибизге тардык кылып калчу. Босогодо жатып калган күндөрүм болду", — деп айтып берди Самиева. 

Өкмөт тарабынан убада кылынган чатыр бүгүн берилбей калса кайра эле тобокелдикке салып, урайын деп араң турган үйүнө түнөөгө аргасыз болорун айтты. 

"Билбейм, эми Кудай сактайт деп кайра эле үйгө киребиз да. Болбосо, мобу чырылдаган кичинекейлер менен кимге барам. Мени ким жакшы көрөт эле",— деди күрсүнүп. 

Ыкыбал апа бүгүн тамакты эшикте отуруп ичкендиктерин кобурады. Ал эми бир-эки күн мурда улуураак небереси каражат табыш үчүн Ош шаарына араба түртүп иштегени кетиптир. 

Материал даярдалып бүткөндө Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Максат Анарбаева Самиевага чатыр тигип бергендигин билдирди. 

Кара-Сууда абал кандай?

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер титирөөдөн үйү жабыркагандар мектептерде баш пааналайт
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылына да зилзаланын кесепети тийип 150дөн ашык үй жараксыз абалга келгенин райондун акими Тилек Матраимов Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында атайын комиссия аталган айылдагы 705 үйдү текшерип, 10 үй толук урап калганын 142 үй жараксыз абалга келгенин аныктаган. Учурда жабыркагандарга чатыр берилип, мамлекеттик резерв фондунан ун, күрүч, май бөлүү жагы чечилип жатканын кошумчалады. Андан сырткары мобилдүү үйлөр жасалып, 15-20 күндүн ичинде муктаждарга таратыла турганын айтты.

Майыптыгыма карабай чатырды чуркап жүрүп араң алдык

Бирок жергиликтүү тургундар чатырлар барына бирдей бөлүштүрүлбөй жатканын, чуркагандар алып, кары-картаң менен майыптарга жетпей жатканын айтышууда.

Биринчи топтогу майып 61 жаштагы Батмакан Султанкулова ден соолугунун начардагына карабай чатырды эптеп чуркап жүрүп бүгүн гана алганын айтат.

"Төрт бөлмөлүү үйүбүз толугу менен урап калды. Чатыр берип жатат дегенинен барсак бербей жатып, акыры ары-бери чуркап жүрүп бүгүн араң алдык. Эми анын меши жок экен. Кандай кылабыз билбейм. Чатырда кышында кантип жашайбыз деп кабатырланып жатам. Өзүм, бир балам дагы биринчи топтогу майыппыз. Бизди 20 жаштагы башка уулум жансактатып жатат", — деди ал.

Төрт балам менен кайда барам?

Төрт баланын энеси Алтынай Маматованын үйү да зилзаладан жабыркап, бир капталы урап түшкөн. Ага берилген чатырдын да меши жок болгондуктан үйүндө турган мешти алып чыгып ага койсомбу деп ойлонуп жатат. 

"Төрт балам менен айылда турам, кичүүсү бир жашта. Жолдошум бизди багам деп Москвада иштеп жүрөт. Чатырда азыр түнөгөнгө такыр мүмкүн эмес, мына бүгүн түнөдүк, абдан суук. Жылыткыч сайганыбызга карабай суук болду. Кичүү баламды ооруп калбасын деп апамдардыкына бердим. Калганыбыз эптеп күн көрүп жатабыз. Кар жааса ал жакта жашаганга болбойт. Анан чатырда кантип кыштайбыз билбейм?", — дейт ал.

Балдарын мектепке жиберүүдөн чочулаган ата-эне

Жердин силкинүүсү улам кайталанып жаткандыктан ата-энелер балдарын мектепке жибербей жатышат. Алардын катарында Алтынай Маматова да бар.

"Балдарды мектепке жөнөтпөй жатабыз. Себеби, тез-тезден эле жер титиреп жатпайбы. Бир чети балдар да катуу коркуп калышты. Мектептин да дубалдарынан жарака кеткен. Андыктан ал жак дагы кооптуу", — дейт ал.

Учурда Кызыл-Суу айылынын тургундары күнүмдүк жашоосунун көп бөлүгүн сыртта өткөрүп жатышат. Себеби, үйдүн дубалдарынан жарака кеткендиктен анын урап кетүү коркунучу жогору экенин айылдыктар айтышууда.

Өкмөттүн жардам берүүгө чама-чаркы чектелүү, жардамга башкалар да кол сунууда 

Премьер-министр Темир Сариев жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусунун эли менен жолугуп, кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери менен жеринде таанышты. Ал башкысы, адам өмүрүнө зыян келбегендигин белгилеп, жакынкы күндөрү жылууланган чатырлар, темир контейнерлер жана боз үйлөр жеткириле тургандыгын айтты. Ал эми ӨКМ жетекчиси Кубатбек Боронов үйлөрү жабыркагандарга 50 миң сомдук кайтарымсыз каражат, ал эми 200 миң сом суммасындагы жеңилдетилген ссуда бериле тургандыгын айтты. Бирок, жергиликтүү жашоочулардын бири бул каражат маселени чечпейт деген пикирде. Анткен менен андан ашык каражат бөлүүгө өкмөттүн чама-чаркы чак. 

Премьер-министр тапшырмасы менен ӨКМде атайын эсеп ачылды. Буга жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар каражат которсо болот. Мындай эсеп ӨКМдин чукул кырдаалдар боюнча иш алып бара турган борборунда ачылды. 

Баш паанексиз калгандарга жардам көрсөтүү боюнча эл аралык уюмдарга кайрылуу милдетин Тышкы иштер министрлиги аркалап баштады. 

Жер титирөөдөн кыйраган үй. - Sputnik Кыргызстан
Жер титирөөдөн жапа чеккен алайлыктар боз үйдө баш пааналашат
ТИМ башчысынын орун басары Бакыт Бешимов РФтин КРдеги элчиси Андрей Крутько менен жолуккан учурунда жер титирөөдөн жабыркагандарга жылууланган чатыр, меш, азык-түлүк жагынан жардам көрсөтүүнү суранды. 

Өлкөдөгү бир нече тоо-кен компаниялары берген жардам эртеңден баштап Ош шаарына 40 тонналык контейнер, вагондор менен жеткирилип баштайт. Учурда ишканалар тарабынан атайын эсепке 800 миң сом которулганы белгилүү болду.

РS: Кыргызстандын климаты катаал, бул тоолуу районунда " Кыргызгидромет" жамгыр аралаш кар себелеп, тоо этегиндеги аймактарга кар түшөөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0