Милиция аймактык тескөөчүнү өлтүргөн кылмышкерлердин болжолдуу фотороботун түздү

© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиционер Бишкек шаарындагы 8-кичи районунда үй ууруларын кармоо учурунда алардын огунан каза болгон.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Милиция 8-кичи райондо милиция кызматкерин өлтүрдү деп шектелген жарандардын болжолдуу фотороботун түздү.

Учурда ал укук коргоо кызматкерлерине берилди. ИИМдин маалыматы боюнча алардын биринчиси арык чырай келген 25-30 жаштардагы азиат, бою болжол менен 175-180 сантиметр. Экинчиси толмочунан келген 20-25 жаш курактагы азиат улутундагы жаран болгон. Тергөөчүлөр фотороботту күбөлөрдүн сөзүнүн негизинде түзүшкөн.

Милиция фотороботтордун окшоштугу 70 пайызды түзөрүн белгиледи. 

© предоставлено МВД КРБиринчиси арык чырай келген 25-30 жаштардагы азиат, бою болжол менен 175-180 сантиметр.
1/2
Биринчиси арык чырай келген 25-30 жаштардагы азиат, бою болжол менен 175-180 сантиметр.
© предоставлено МВД КРЭкинчиси толмочунан келген 20-25 жаш курактагы азиат улутундагы жаран болгон.
2/2
Экинчиси толмочунан келген 20-25 жаш курактагы азиат улутундагы жаран болгон.
1/2
Биринчиси арык чырай келген 25-30 жаштардагы азиат, бою болжол менен 175-180 сантиметр.
2/2
Экинчиси толмочунан келген 20-25 жаш курактагы азиат улутундагы жаран болгон.

Буга чейин ИИМ кылмышкерлери тууралуу туура, так маалымат үчүн бир миллион сом өлчөмүндө сый акы жарыялаган. 

Сариев милиционер менен камактагы түрмө жетекчисинин өлүмүн тыкыр иликтөөнү тапшырды
Бейшемби күнү саат 19.55те шаардык ИИБне 8-кичи райондогу №38 үйдүн короосунда милиционердин өлтүрүлүшү боюнча маалымат түшкөн. Каза болгон 26 жаштагы кенже лейтенант Актилек Абдувалиев аталган аймактын участкалык милиционери экени анык болгон.

Мындан тышкары, бейшемби түнү 7-кичи районунда кылмышкерлер из жашырып кетиши мүмкүн деп болжолдонгон велосипед табылганы айтылууда.

Башкармалыктагы өздүк булактын айтымында, милиционер эки үй уурусун кармоо учурунда өлтүрүлгөн. Абдувалиевге үч ирет ок атылган. Алдын ала маалымат боюнча аны так маңдайынан туруп Макаров пистолети менен атып кетишкен. 

Учурда милиционерди өлтүргөн кылмышкерлерди тактоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Факт боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштерине ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев өзү көзөмөл жүргүзөт.

Актилек Абдувалиев Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылында 1989-жылы төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктап, 2012-жылдан тарта ички иштер органдарында эмгектенип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0