ИИМ милиционердин өлтүрүлүшү тууралуу маалыматка 1 млн. сом сый акы жарыялады

Жазылуу
ШИИБдеги булактын маалыматына ылайык, милиционер эки үй уурусун кармоо учурунда өлтүрүлгөн. Абдувалиевге үч ирет ок атылган. Алдын ала маалымат боюнча аны так маңдайынан туруп Макаров пистолети менен атып кетишкен.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин жетекчилиги милиционерди атып кеткен адамдарды табууга жардам берген маалымат үчүн сый акы убада кылганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Бейшемби күнү саат 19.55те шаардык ИИБне 8-кичи райондогу №38 үйдүн короосунда милиционердин өлтүрүлүшү боюнча маалымат түшкөн. Каза болгон 26 жаштагы кенже лейтенант Актилек Абдувалиев аталган аймактын участкалык милиционери экени анык болгон.

"Бир миллион сом өлчөмүндөгү сый акы Абдувалиевди атып кеткен кылмышкерлерди табууга жардам берген маалымат үчүн берилет. Окуя тууралуу билгендерди 102 номери боюнча байланышуусун өтүнөбүз", — деп билдирди ШИИБ.

Мындан тышкары, бейшемби түнү 7-кичи районунда кылмышкерлер из жашырып кетиши мүмкүн деп болжолдонгон велосипед табылганы айтылууда.

Тапанча кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте аймактык милицияны атып кетишти
Башкармалыктагы өздүк булактын айтымында, милиционер эки үй уурусун кармоо учурунда өлтүрүлгөн. Абдувалиевге үч ирет ок атылган. Алдын ала маалымат боюнча аны так маңдайынан туруп Макаров пистолети менен атып кетишкен. 

Учурда милиционерди өлтүргөн кылмышкерлерди тактоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат. Факт боюнча кылмыш иши козголду.

Тергөө иштерине ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаев өзү көзөмөл жүргүзөрү белгилүү болду.

Актилек Абдувалиев Жалал-Абад облусунун Кашка-Суу айылында 1989-жылы төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын аяктап, 2012-жылдан тарта ички иштер органдарында эмгектенип келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0